Жакболот марганец кениНарын районунда, Нарын шаарынан 65 км чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун батыш капталындагы Жакболот суусунун баш жагында. 1936-ж. табылган. Кен аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон терриген жана акиташ тоотектери түзөт. Марганец рудасы ошол тектердин арасында линза сымал 5 кабаттан турат. Алардын калыңдыгы 2–10 м, узундугу 10–14 м. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан, гематит, лимонит ж. б. Кендеги марганецтин орточо кондициялык өлчөмү 6–7%, чанда 15,5%, темирдики – 11–12%ти түзөт. Руда чөкмө, айрым изилдөөлөр боюнча жанартоо-чөкмө жолу менен пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү