Жалпакташ көрүстөнү – б. з. ч. 6–4-кылымындагы көчмөн сак урууларынан калган дөбө мүрзөлөр. Кетментөбө өрөөнүндөгү Узунакмат дарыясынын оң өйүзүндө, отуздай мүрзөдөн турат. Көрүстөндүн диаметри 8–21 м, бийиктиги 0,4–2,5 м. Эстеликтин 8 дөбө мүрзөсү изилденген. Сөөктөр төрт чарчы формадагы чуңкурга коюлган; карапа идиштер, кийимге кадалган жука алтындан жасалган кооздук буюмдар табылган. Айрыкча жука алтынга басып түшүрүлгөн адамдын башы жана жырткыч куштун сүрөтү түшүрүлүп, кийимге кадалуучу алтын каңылтыр кызыгууну туудурат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.