Жамал Карши - Абул Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Каршы (1230–31 – өлгөн жылы белгисиз) – Жети-Суу тарыхчысы жана акын. Эл-Аларгу вилайетинин борбору Алмалык шаарында туулган.

Вилайетти бийлеген Сугнак тегиндин баласына тарбиячы болуп ак сарайда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарайлык») аталып кеткен.

1264-ж. Кашкарга келген, 1282-ж. орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–1007-жылдардын аралыгында өлгөн) арабча жазылган «Ас-Сурах» сөздүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эмгегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–1306).

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.