Жамандык – салттуу турмушта зээнди кейитчү, кайгы, капа алып келүүчү турмуштук кырдаал. Ага өлүм, кырсык, жут ж.б. кирген. Жамандык башка келсе тууган-урук тикесинен туруп, чогуу көтөрүшкөн, кайгыны тең бөлүшкөн. Үй-жайы өрттөнүп, малы жуттан кырылып калган учурда жакын туугандары жана урукташтары оокат-жайын курап, ортого мал чыгарышкан. Жамандыкка учураган үй-бүлөнүн көңүлүн көтөрүшкөн, кайрат айтышкан. Башка жамандык келбесин деп түлөө, баабедин өткөрүшкөн, жети нан жасап кошуналарына тараткан. Жамандык үстөккө-босток келсе, аларды келтирбөөчү көптөгөн ырымдарды аткарышкан. Жамандыкта адамдардын асыл сапаттары: адамгерчилиги, боорукерчилиги ж. б. даана байкалган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.