Жандуу заттарбиосфераны ээлеген продуценттердин, консументтердин жана редуценттердин жыйындысы.

Жандуу заттын өзгөчүлүктөрү түзөтүү

  • Жандуу зат көп энергия ташып жүрөт.
  • Жандуу затта химиялык реакциялар миңдеген, миллиондогон эсе тез жүрөт.
  • Жандуу зат өз кыймылын белгилүү бир даражада өзү көзөмөлдөйт.
  • Жандуу зат морфологиялык жана химиялык көп түрдүүлүккө ээ.
  • Жандуу затты түзгөн химиялык бирикмелер тирүү организмдерде гана туруктуу болушат.

Жандуу организмдердин биомассасы түзөтүү

Жердин жалпы биомассасы орточо эсеп менен 2,4 ∙ 1012 т түзөт (бул жалпы биосферанын массасынын 0,01 %). Бул сандын 97 % өсүмдүктөр, 3 % – жаныбарлар ээлейт.

 
Жер планетасынын жандуу организмдеринин биомассасы.

Азыркы учурда Жер планетасында бир нече миллион жандуу организмдердин түрү белгилүү.

Падышачылыктар Илимде белгилүү болгон түрлөр саны
Жаныбарлар 1 500 000
Өсүмдүктөр 500 000
Козу карындар 100 000
Бактериялар 6 000
Вирустар 1 000

Жандуу заттардын негизги функциялары түзөтүү

  1. Энергетикалык
  2. Топтогуч
  3. Кычкылдандыруу жана калыбына келтирүү
  4. Ажыраткыч
  5. Муундардын алмашып туруу

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • EKOLOJİ ÇEV-150. 4. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva