«Жаныш, Байыш» – кыргыз элинин 15–17-кылымга таандык баатырдык эпосу. Эпосто кыргыз элинин Моголстан мамлекетиндеги жана калмак доорундагы турмушу чагылдырылган. «Жаныш-Байышта» географиялык аталыштар, чарба, соода, социалдык терминдер (хан, бек, сынчы, чечен ж.б.), кыргыздардын саясий абалы жана алардын коңшу элдер менен болгон карым-катнаштары айтылган. «Жаныш,Байыш» мазмуну боюнча өзбек эпосу «Алпамышка», байыркы грек эпосу «Одиссеяга» окшош (мис., каармандардын өз жерлерине кайтып келиши). Алгачкы варианты 1922-ж. К. Мифтаков тарабынан М. Мусулманкуловдон жазылып алынган. Кытайлык кыргыздарда Өмүр Мамбеттин варианты китеп болуп жарык көргөн (Үрүмчү, 1988). К. Акыевдин варианты 1939-(латын алфавитинде), 1970-, 1991-ж. жарыкка чыккан. 1998-ж. «Эл адабияты» сериясынын 4-томунда «Жаныш, Байыштын» М. Мусулманкулов, Ж. Шаанаев, К. Акыев, С. Дыйканбаев айткан варианттары бир китепте басылган. «Жаныш,Байыш» эпосунда Нуркандын (айрым варианттарда Асылкандын) Жаныш менен Байыш аттуу уулдары кыргыздардын Алакөл аймагын душмандар тартып алганын угушуп, ошол жерди көрүп келиш үчүн жөнөшөт. Алар көлгө жетип куш салып жүргөндө, капысынан душмандар курчап алышат. Тең эмес салгылашууда Жаныш жарадар болот, Байыш туткунга түшөт. Андан кийин Жаныштын жараатынын айыгышы, Байыштын туткундагы окуялары жөнүндө баяндалат. Байыш 7 (кээ бир варианттарда 10, 12) жылдан кийин душмандын падышасынын кызынын жардамы аркылуу зындандан бошонот. Ошол мезгилде бир тууганы Жанышка да жардамга келет. Баатырлар колдоруна аса таяк кармап, дубананын кейпинде, эч кимге таанылбай элине келишет. Бирок, эл аларды таанып, салтанат менен тосуп алат. «Жаныш, Байыш» эпосун Ж. Таштемиров, Ж. Субанбеков, Б. Кебекова, М. Мукасов, И. Молдобаев ж. б. изилдеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.