Жарым шарлар
Жарым шарлар, Жер жарым шарлары – Жер шарынын сфералык бетинин кандайдыр бир белгилер боюнча ажыратылган эки бөлүгү. Экватор аркылуу Түндүк жана Түштүк, меридиан (160° чыгыш жана 20° батыш узундугу) боюнча Батыш жана Чыгыш жарым шарга бөлүнөт. Океан же кургактыкты ээлеши боюнча Океандык жарым шарга (ортосу Жаңы Зеландиянын түндүк-чыгыш тарабы болуп эсептелет) жана Материктик жарым шар (ортосу Франциянын түндүк-батышы) ажыратылат. Кыргызстан Түндүк Жарым шарда 39°15' менен 43°16' Түндүк кеңдиктердин, 69°15' менен 80°18' чыгыш узундуктардын аралыктарында жайгашкан.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5