Жаңы-Акман (кырг. Жаңы-Акман) — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округунун борбору. Базар-Коргон суу сактагычына жакын, деңиз деңгээлинен 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1956-жылы негизделген. Калкы 3825 (2007); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Башталгыч мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ашкана жана башка иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. [1]

Жаңы-Акман
Жаңы-Акман
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

2 442 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
  1. 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.