Жаңы-Араван
(«Жаңы-Араван, Араван району» барагынан багытталды)
Жаңы-Араван — Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Алля Анаров атындагы айыл округуна караштуу. Кекилик-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 20 кылымдын 30чу жылдарына чейин Эски Араван деп аталып турган. Калкы 2516 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, ФАП бар.[1]
Отурукташкан жай
Жаңы-Араван
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.