Жаңы-Базар (Чаткал району)
(«Жаңы-Базар, Чаткал району» барагынан багытталды)
Жаңы-Базар (кырг. Жаңы-Базар) — Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-жылы чейин райондун борбору. Чаткал суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 362 км. Калкы 2148 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто жана башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы менен), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал коругунун администрациясы да ушул кыштакта жайгашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү сакталган.[1]
Отурукташкан жай
Жаңы-Базар
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 26 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.