Жаңы-Базар (Чаткал району)

Жаңы-Базар (кырг. Жаңы-Базар) — Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-жылы чейин райондун борбору. Чаткал суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 362 км. Калкы 2148 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто жана башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы менен), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал коругунун администрациясы да ушул кыштакта жайгашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү сакталган.[1]

Жаңы-Базар
Жаңы-Базар
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Бийиктиктиги

1480

Калкы
Калкынын саны

2 259 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5