Жаңы-Талаа
Жаңы-Талаа — Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Карагуз айыл округуна караштуу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 20 км түштүк-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 114 км. Кыштак 1961-жылы отурукташкан. Калкы 1 431 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу бар. Тегирмен, май жуаз, пилорама, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Отурукташкан жай
Жаңы-Талаа
|
Калкы - 1 431 киши.[1]
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.