Кара-Кулжа (айыл)

Кара-Кулжа, Кара-Кулжа району‎»‎ барагынан багытталды)

Кара-Кулжа, Кара-Кулжа районуОш облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак, райондун борбору. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Кара-Кулжа суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1440 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Ош шаарынан 105 км чыгыш тарапта. Калкы 11,8 миң (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто жана мектеп-интернат, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, мейманкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Отурукташкан жай
Кара-Кулжа
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош облусу
Район Кара-Кулжа району
Координаттар 40°38′00″ с. ш. 73°35′33″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Сандык идентификаторлор
Кара-Кулжа (айыл) (Кыргызстан)

Колдонулган адабияттар түзөтүү