Жекелик жана жалпылык (орус. единичное и общее) – өзүлөрүнүн эриш-аркактыгы менен мыйзам ченемдүүлүк менен кайталанып туруучу жана кокустан да кездешүүчү адам ишмердигинде стандарттуу жана уникалдуу, турмушта адаттагыдай жана күтүлбөгөндөй жолуга берүүчү дүйнө кубулуштарындагы окшоштуктар менен айырмачылыктардын тең салмактуулугун туюндурган философиялык категориялар.

Жекеликболмуштун ушул гана көрүнүшүндө болгон, башка эч жерде кездешпеген жана эч жерде кайталанбаган көрүнүш.

Жалпылык – көптөгөн «жекеликтерге» мүнөздүү келип, мезгил менен мейкиндиктин ар кандай аралыктарында кайталана берүүчү түрлөрдүн маңызынын (идеянын, мыйзамдын, принциптердин) көрүнүшү. Жекеликтин тескерисинче, жалпылык категориясы биздин көңүлүбүздү ар түрдүү «жекеликтерди» эмне жакындатып жана бириктирип турганына бурат да, индивидуализм менен изоляционизмге каршы келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү