Желаргы базальттуу порфирит кени

Желаргы базальттуу порфирит кени Чүй облусунун Кемин районунда, Желаргы кыштагынан 4 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1550 м бийикте жайгашкан. 1962-ж. табылган. Узундугу 300 жана 80 м, калыңдыгы 45 жана 4 м болгон базальттуу порфириттин эки дайкасы палеоген катмарынын арасында жатат. Химиялык-технологиялык сыноонун негизинде порфириттен минералдык кебез алууга мүмкүн экендиги аныкталган. Болжолдуу запасы 0,5 млн м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1