Моюнга тагынуучу зер буюм, (чачык сыяктуу желбиреп, ушундан улам желбирөөч деп аталат). Бул — сөйкөнүн бир түрү. «Сөйкөнүн желбирөөчтөрү» деп да аталат. Азем буюмдардын эң негиздүүсү. Шөкөттөлгөн желбирөөчтүн кадимки сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, анын бетине асыл таштар чөгөрүлүп, мунун эки учу күмүш зымдар менен чынжырланат. Ошондой эле торчолонгон бир нече сеңселген тал-тал чачылары төгүлүп турат. Ага жумурулган сүйрү жука темир илинип, анын сырты ипичке эшилген күмүш зымдар менен жиксиз торчолоно кынапталат. Мындан да жогорудагыдай кайрадан күмүш зымдар чынжырлана чыгып, анын араларына шуру тизилет. Андан төмөн учтарына сүйрүлөнгөн жука күмүш кулакчандар түйүлүп турат. Ушундай аземделип бүткөн желбирөөчтүн эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу, же жүрөкчө түрүндөгү зер жасалгасы ошол эки канаттын чынжырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.

Мында күмүш бетине из түшүрүүгө, акак таш, айнек өңдүүлөрдү чөгөрүүгө да ойдогудай мүмкүнчүлүк болот. Ага «кыял», «жарым кыял», «мүйүз», айчык», карга тырмак» сыяктуу оюмдун өз ара ыргактуу элементтеринен турган кооздуктар кылдат берилет.

Желбирөөч ар кандай түрдө жасалып келинген. Анын көйнөктүн сыртынан моюнга тага турган чаканыраак, башкалардан айырмаланган түрдө кармалган түспөлдөрү да бар. Мындай буюмда чыны шуру басымдуулук кылып, анын жүзүн ачат. Тал-тал бөлүнгөн бул шурулардын араларын бөлүп, беттери өтө майда-майда жылбырчыктата «чегелеген», «сиркелетилген» жана «тогуз төбөлөнгөн» кооздуктар менен тутумдашат. Кызыл шуру менен зер биринин кооздугун бири толуктап, ого бетер кулпунтат. Буга катар бой тумардын бүтүндөй бөлүктөрү түшөт. Анда тиш чукур, искек өңдүүлөрү болот.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)