Желе — кулун байлоого ылайыкталып керилген жоон аркан. Аралаштырылган ар кыл жүндөн жоон эшилип, үч-төрт катталып чыйратылат. Узундугу 15–20 м. Желенин эки учу эки казыкка байланат. Ортосундагы аралык майда жыгач (арча, четин, кайың) казыктарга бекитилет. Бир желеге 15–20 кулун байланат;

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.