Жел-Арык граносиенит кени,

Жел-Арык граносиенит кени, үчүнчү участок. Чүй облусунун Кемин районунда, Жел-Арык т. ж. бекетинен 2,5 км түштүк-батышта. 1982–83-жылдары геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен соңку палеозойго таандык граносиениттерден түзүлгөн. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,65–2,95 г/см3, суу сиңирүүсү 0,3–0,4%; көзөнөктүүлүгү 4%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 123,5 МПа, сууга каныккан абалдагысы – 102 МПа, суукка чыдамдуулугун текшергенден кийин – 104,6 МПа. Граносиенит оор бетонго шагыл катары колдонулууга жарамдуу. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 5374 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү