Женкинсон Антони (1529-1610) - англиялык саякатчы, соодагер жана элчи.
1557-72-ж. Россия мамлекеттеринде төрт жолу болгон. 1557-58-ж. Иранга жана Борбордук Азияга саякатка келген. Женкинсондун айтканына караганда, ал 1558-жылы Борбордук Азияга келгенге чейин Кытай менен Бухаранын ортосундагы жайгашкан көчмөндөр менен шаарлыктардын ортосунда үч жыл бою тынымсыз согуштар болуп турган. Женкинсон андан ары шаарлар - Ташкен (Таскент) жана Кашкар (Каскайр) деп аталгандыгы, Ташкенге каршы согушкандар казактар (кассак), ал эми Кашкарга каршы согушкандар кыргыздар (кирге) экендигин белгилеген. Бул эки эл чоң күчкө ээ экендиги, алар аталган шаарларды өзүлөрүнө баш ийдиргендиги айтылган. Женкинсондун түзгөн картасында кыргыздар 1 б-кылымдын ортосунда эле азыркы ээлеп турган аймактын көпчүлүк бөлүгүн мекендешкендиги көргөзүлгөн. Алардын айрым топтору ошол учурда Каратегинге чейин кирген.

Россия картасы (Женкинсон Антони 1562-ж.)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.