Жентек – бала төрөлгөндөгү той. Бала төрөлүп, ат коюлуп, оозантылгандан кийин келген адамдарга тамак-аш, эт тартылып жентек берилген. Жакын туугандары (көбүнчө балдар) үймө-үй кыдырышып жаңы төрөлгөн баланы сүйүнчүлөп белек алышкан. Туугандары жана айыл ичи башка баш кошулуп жатканына сүйүнүп, баланы көргөнү келгенде наристеге, анын ата-энесине көрүндүк (буюм, кийим, жакын туугандары мал) беришкен.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.