Жети-Суу облусу – (орус. Семиречинская область) 1867-жылы 11-июлда түзүлгөн администативдик-аймактык бирдик. Сырдарыя облусу менен чегарасы Кургаты жана Чүй суулары боюнча өткөн. Жети-Суу областына Түндүк Кыргызстандын бир катар аймактары – Ысык-Көл (кийин Каракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери да кирген. Жети-Суу 1882-жылга чейин Түркстан генерал-губернаторлугунун курамында болгон. 1882–98-жылы Талаа (Степной) – генерал-губернаторлугуна, 1899-жылдан кайрадан Түркстан генерал-губернаторлугуна баш ийген. 1917-жылга чейин «1891-жылкы Талаа эрежеси» менен башкарылган.

Орусия Жети-Суу облусу
орус. Семиреченская область
Жетисуу облусу, Орусия империясы 1913 жыл.

Бийлик органдары түзөтүү

Акимчилик бөлүнүшү түзөтүү

Акимчилик жагынан Жетисуу облусу 1867 жылы Түркстан генерал-губернаторлугунун курамында курулду. XX кылымдын башында облус 6 уездге бөлүнгөн.

Уезд Уезддик шаар Ооданы,
Аянты²
Тургундары
(1897), адам
1 Верный Верный (22 744 адам) 58 330 223 883
2 Жаркент Жаркент (16 094 адам) 5160 122 636
3 Капал Капал (6183 адам) 69 100 136 421
4 Лепси Лепси (3230 адам) 87 080 180 829
5 Пишпек уезди Пишпек (6615 адам) 80 480 176 577
6 Пржевальск Пржевальск (8108 адам) 47 760 147 517

1921 жылдын 1 октябрга жагдай боюнча Түркстан республикасынын курамындагы облус 7 уездден турган: Верный уезди (24 болуш), Жаркент уезди (9 болуш), Пржевальск уезди (20 болуш), Капал уезди (14 болуш), Нарын уезди (9 болуш), Токмок уезди (10 болуш).

1922 жылы 2 июнда Капал ооданы Талдыкурган болуп өзгөртүлдү.

1924 жылы 11 октябрда Орто Азиядагы кеңештик республикаларды межелеп бөлүү натыйжасында Верный уезди, Капал уезди, Жаркент уезди, Лепси уезди уезддери, жана Пишпек уездинин 3 болушуКыргыз (Казак) АСКРне берилди. Пржевальск уезди, Нарын уезди, Пишпек уезди уезддери Кыргыз АОнун курамына кирди.

Аскер губернаторлору түзөтүү

Аты жөнү Атагы Кызмат убакыты
Колпаковский Герасим Алексеевич генерал-майор (генерал-лейтенант)
14.07.1867—20.05.1882
Фриде Алексей Яковлевич генерал-майор
29.05.1882—21.05.1887
Иванов Григорий Иванович генерал-майор (генерал-лейтенант)
15.06.1887—23.10.1890
Ионов Михаил Ефремович генерал-лейтенант (генерал-майор)
24.10.1890—28.07.1907
Покотило Василий Иванович генерал-лейтенант
28.07.1907—22.11.1908
Фольбаум Михаил Александрович генерал-лейтенант
22.11.1908—1917
Щербаков Николай Петрович генерал-майор
19.11.1919—15.09.1922

Аскер губернаторлордун жардамчылары жана облустук башкаруу төрагалары түзөтүү

Аты жөнү Атагы Кызмат убакыты
Озеров Алексей Федорович полковник
19.02.1868—28.11.1869
Россицкий Евгений Андреевич накты статтык кеңешчи
28.11.1869—01.05.1877
Ейлер Петр Константинович генерал-майор
05.10.1877—12.12.1880
Щербинский камер-юнкер атагында
12.12.1880—01.08.1881
Аристов Николай Александрович коллеждик кеңешчи, кызматты аткаруучу
01.08.1881—04.05.1889
Трепов Владимир Фёдорович коллеждик асессор, кызматты атқарушы (бекітілді 13.06.1891, сарай кеңешчиси)
04.05.1889—19.11.1892
Каталей Петр Иванович подполковник, кызматты аткаруучу
28.11.1892—12.11.1893

Вице-губернаторлор түзөтүү

Аты жөнү Атагы Кызмат убакыты
Каталей Петр Иванович подполковник
12.11.1893—31.03.1894
Осташкин Павел Петрович коллеждик асессор (накты статтык кеңешчи)
31.03.1894—1917

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.