Жети-Өгүз курорту

Жети-Өгүз (курорт)‎»‎ барагынан багытталды)

Жети-Өгүз курортуЫсык-Көл облусун Жети-Өгүз районундагы климаттык-бальнеологиялык курорт. Каракол шаарынан 28 км түштүк-батыш жана Ысык-Көлдөн 30 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун Түндүк капталындагы Жети-Өгүз капчыгайынын карагай токойлуу кооз жеринде, деңиз деңгээлинен 2200–2400 м бийиктикте жайгашкан. Жайы мелүүн, июль айынын орточо температурасы 15°С, кышы да мелүүн, кар көп түшөт, январь айынын орточо температурасы –9°С. Жылдын орточо жаан-чачыны 500 мм чамасында, чөйрөнүн орточо нымдуулугу 65%. Мындагы минералдуу ысык (41°С) булактардын дарылык касиеттери жергиликтүү элге байыртан белгилүү болгон. 1857-жылы П. П. Семёнов-Тян-Шанский булактарды сыпаттап жазган. 1910-жылы атайы үй курулуп, жыгач ванналар пайдаланылган. 1931-жылдан курорт куруу колго алынып, 1940-жылы эки имараты пайдаланылууга берилген. Дарылоо радондуу, хлорид натрий-кальцийлүү жана азоттуу ысык булак сууларынын ванна жана бассейндерине түшүрүү, ошондой эле тоо климатынын таасирин тийгизүү менен жүргүзүлөт. Ванна, душ, денени чайкоо жана ичүү аркылуу муун, ичеги-карын, боор, нерв жана дем алуу системаларынын, гинекол. жана кээ бир тери ооруларын дарылайт.

Жети-Өгүз (курорт)
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

330[1] (2020)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Калкы түзөтүү

 
сентябры 2009.

Калкы - 330 киши (2020)[1].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Булактар түзөтүү