Жеңишбек Эдигеев (Jengishbek Edigeev; туулган күнү - 20.3.1971, Кыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа району, Кош-Дөбө айылы) — Кыргызстандын заманбап эркин журналисти, котормочу, публицист. Пост-советтик Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги үчүн күрөшкө салым кошкон. Жубайы менен биргеликте “Де Факто” эркин гезитин негиздеген.

Жеңишбек Эдигеев
Туулган датасы:

20 -март 1971(1971-03-20) (53 жаш)

Туулган жери:

Кош-Дөбө айылы, Ак-Талаа району, Нарын облусу, Кыргыз ССри, СССР

Жарандыгы:

 ССРС Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

{{{Ишмердүүлүгү}}}

Чыгармачылык жылдары:

1990-жылдан тартып

Жанр:

даректүү журналистика

Жеңишбек Эдигеев. 27.5.2013.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеңишбек Эдигеев 1971-жылы жалган куран (март) айынын 20сында Кыргызстандын Нарын облусундагы Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган.

Оболу Ташкент шаарындагы САМПИ аталган мединститутка окууга өттү. Бир жылдан соң ал окууну таштап койду.

Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн чагында Беларус жумуриятында жана мурдагы Чехословакияда болду. Чех жеринен советтик куралдуу күчтөрдүн мүлкүн жана курулуштарын толук сыйрып, биротоло Орусияга көчүрүүгө катышты.

1992-1997 жылдары Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетинде окуп, ийгиликтүү тамамдаган.

Андан соң “Бишкек таймс” жана “Агым” гезиттеринде иштеген.

2007-жылы жубайы Чолпон Орозобекова экөө “Де-Факто” деп аталган эркин гезитти түптөгөн.

21-кылымдагы Кыргызстандагы кирил жазмасындагы эркин басылмалардын бири болгон бул “Де Факто” (De Facto) гезитинин туңгуч саны 2007-жылы жалган куран (март) айынын 1инде жарык көргөн.

Бул эркин гезитке жана анын негиздөөчүлөрүнө мурдагы президент К.Бакиевдин авторитардык режими маалында кысымдар күчөгөн.

2009-жылы Жеңишбек Эдигеев өз жубайы жана үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо чет өлкөгө бозгунга чыгууга аргасыз болду.

Учурда ал Швейцарияда саясий баш паана таап жашоодо.

Анын үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы – белгилүү эркин журналист Чолпон Орозобекова.

 
Чолпон Орозобекова. 11.8.2006.

Үч кызы бар: Нурайым 16 жашта, Ажар 10 жашта, Арууке 6 жашта (2017-жылга карата).

Чыгармачылыгы түзөтүү

Жеңишбек Эдигеев жүздөгөн журналисттик иликтөөлөр, публицистикалык макалалар жарыялаган.

2015-жылы анын “Сапарлаш” аттуу кыргызча-французча сүйлөшмө китеби жарык көргөн.

2016-жылы анын “Кыргызча-французча тематикалык сөздүгү” басууга берилди.

2018-жылы «Дайралар артка агышпайт» китеби басылган.

2022-жылы “Көк дептер” китеби жарык көргөн.

Сапар, сапар! түзөтүү

Жеңишбек Эдигеев айтылуу француз ырчы айымы Desireless (Дезайелесс) ырдаган «Voyage, Voyage» ырынын текстин 2011-жылы кыргызчага которду.

Сапар, сапар

Эски вулкандар үстү менен
Учкан килем алдында канаттары калкылдайт,
Сапар, сапар,
Өмүр бою бүтпөгөн.
Булуттардан көлмө-саздарга
Испан шамалынан Эквадор жамгырына,
Сапар, сапар,
Бийиктикте калкыймын.

Борбор шаарлар үстү менен
Тагдырга жазганды ойлоп,
Океан тиктеп.

(Кайырма):
Сапар, сапар!

Түн менен күндөн да узун
Сапар
Махабаттын керемет мейкининде
Сапар, сапар,
Индиянын ыйык дайралары менен
Сапар,
Эми, эч качан кайра кайтмай жок.

Ганга же Амазондун үстү менен
Кара, сары, Сикх элдеринде
Сапар, сапар,
Аалам падышаларын кезип,
Сахара кум дөбөлөрүн карап,
Фиджи, Фудзияма аралдарында
Сапар, сапар,
Сен бүтпө да, токтобо!

Найза таштар үстүндө
Жараланган жүрөктөр
Океан тиктеп.

(Кайырма)
Борбор шаарлар үстүндө
Тагдырга жазганды ойлоп
Океан тиктеп.

(Кайырма).

Ж.Эдигеевдин чыгармаларынын кыскача тизмеси түзөтүү

Ал тууралуу адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү