“Сапарлаш” эркин журналист, диссидент жазуучу Жеңишбек Эдигеевдин кыргызча-французча сүйлөшмө сөздүгү. Китеп үйрөнүүгө жеңил сүрөттөр, диалогдор, көрсөтмөлөр менен берилген. “Сапарлаш” француз тилин үйрөнүүгө кызыккандар үчүн табылгыс олжо. Түшүнүүгө оӊой болсун үчүн Төлөгөн Карыкеевдин сүрөттөрү менен коштолгон.

“Сапарлаш”
Женевадагы "Payot" китеп дүкөнүндө
Тили Кыргызча-французча
Темасы Сүйлөшмө сөздүк
Басмакана Турар
Беттери 270

Бул китеп грамматиканы тереңдеп үйрөтпөйт. Китеп – француз тилине кызыккандарга жана француз тилдүү өлкөлөргө саякаттагандарга керек болчу курал. Андыктан алыскы Парижге аттанар алдында француз тилинин бирин-экин урунттуу учурларынан түшүнүк алууга болот.

Сүйлөшмө сөздүктө тыбыштардын окулушу менен айтылышынан баштап үндүү, үнсүздөр, түрлөр (Жекелик/Көптүк түр), артиклдерден (Белгилүү/Белгисиз), анкета толтурууга чейин бар.

Китеп – кыйынчылыкта жардам суроо, аэропортто, поездде, автобуста, таксиде, көчөдө, мейманканада, базарда, дүкөндө, почтада, музейде, театрда, көргөзмөдө, ТВ, пресса, аба ырайы, электротоварлар, азык-түлүк, тамак-аш, суусундуктар, даталар, саат, убакыт, интернет, кино, спорт, чачтарачта, ооруканада, тиш доктурда, дене бөлүктөр, органдар, куттуктоолор, коштошууда колдонулуучу сөздөрдөн жана диалогдордон, фразалардан турат. Андан сырткары ар бир бөлүмгө тиешелүү сөздүктөр бар.

Кыргызча-французча сөздүктү жазууга эмне себеп болгонун:

- Биз Женевада жашап тирилик өткөрүп, жумуш кылуу менен бирге мен өзгөчө тапшырманы сезип, милдет көрүп жүрөр элем. Тил үйрөнүп жүрүп сөзсүз алып чыгышым керек экен деп ойлогом. Кантип башка тилди үйрөнсө болот, кандай ыкмалар менен үйрөнсө жеӊил болот, бөлүшкүм келди. Француз тилин үйрөнүп жатып өзүмө түрдүү сөздөрдү, анын ар кандай кырдаалда куралышын чогулта бердим эле. Муну таштап койгум келген жок. Биз тил үйрөнгөндү каалаган, бат кабыл алган элбиз. Анан чет өлкөгө чыккандагы адамдын эӊ эле биринчи бет келген нерсеси – бул тил. Анан да мен “сапар” деген сөздү көп колдоном. Бул, албетте, сыртта жүргөндүкү. Ар бир жолу мекенибизге келатканыбыз, кайра баратканыбыз. Ушунун баары сапар эмеспи. Сөздүк китепти дагы сапарлаш деп атаганым ошол.

"Сапарлаш" сөздүгү Женева шаарындагы "Payot" китеп дүкөнүндө сатылууда жана Женева шаардык китепканаларынан да табууга болот.

Журналистикадан жазуучулукка түзөтүү

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин бүтүрүп, «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеп, «Де-факто» гезитин негиздеген журналист Жеӊишбек Эдигеев 2008-жылы бакиевдик бийликтин куугунтугунан улам Швейцарияга кеткенден кийин да Кыргызстандагы коомдук-саясий турмушу жөнүндө «Азаттыкка», социалдык тармактагы баракчасына пикирин жазып келет.

Журналистикадан жазуучулукка өтүп жатканын:

«Чыӊгыз агабыздын каарманы Ильяз эске түшөт. Долонго баратып машинасынан ашыкча күчтү сезип, анан бул машинага дагы прицеп чиркесем болот экен деп чечет эмеспи. Ошол сыяктуу мен журналистикадан сырткары дагы бир башка күчтү, мени тынч койгобогон нерсени сезер элем. Ошол жазуучулукка ыктоо окшойт».

Жазуучу Жеӊишбек Эдигеевдин 2018-жылы “Дайралар артка агышпайт” деген китеби жарык көргөн. Аны атасы, партиялык саясий кызматкер Кадырбек Эдигеевдин жаркын элесине арнаган. Андан кийин 2022-жылы “Көк дептер” публицистикалар жыйнагы чыккан.

“Бул эмгекти бир үзүмдүк кыска өмүрүн жалаң жаңылыкка умтулуп жашаган маркум кесиптешим Улан Эгизбаевдин элесине арнадым! Өмүрдүн баркын билип, баарыбыз бийиктерге умтулгуч бололу”.

Китептен түзөтүү

Грамматикалык өзөк

 
Француз алфавити

“Чү” дегенде эле айталы, француз тилин үйрөнөм деген кыргыздар үчүн (фонетикасында) төрт чоң жеңилдик бар. Алар биз үчүн мүнөздүү болгон: “ө”, “ң”, “ү” жана кыргызча түпчүл “г” тыбыштары. Чет элдиктер үчүн ушул төрт тыбыш француз фонетикасындагы эң кыйындык жаратчу учурлар. Ө тыбышы бул француз алфавитиндеги E тамгасы; М.: эртеңdemain (дөмА), Ү тыбышы француздардагы U тамгасы; М.: башталышdébut (дэбү), Ң тыбышы болсо француз тилиндеги тактоочтордо …ment уландысы болуп кезигет; М.: чынындаvraiment (врэмоң); акыркысы кыргызча түпчүл “Г” тыбышы – бул французча R тамгасы; М.: чанда / сейрекrare (гаг) Ал эми француз фонетикасындагы дагы бир өзгөчөлүк (балким, кыйындык) бул мурун менен маңкаланып айтуу (nasal). Бул учурда биз мурдубузду кыпчып туруп сүйлөсөк ошол үнгө жакындашат.

 
Кыргыз алфавити

Биз күнүмдүк турмушта эл менен сүйлөшүп жатканда бир нерсени же бышыктайбыз, же төгүндөйбүз, же сурайбыз. Экинчиден, биз бир нерсени мурда болгонун, болуп өткөнүн (өткөн чак), же азыр болуп жатканын (учур чак), же эми болорун (келер чак) колдонуп айтабыз. Адамдардын бири-бири менен болгон сүйлөшүү катнашы, тирилиги мына ушул нерселер менен түзүлөт жана колдонулат.

 
Карикатуралардын автору - Төлөгөн Карыкеев

Маселен, кыргыз тилинде ар бир тамга окулса, француз тилинде бир нече тамга биригип бир гана тыбышты берет: eau - о, ou - у, ch - ш, oi - уа, ai - э.

Француз тилинде зат атоочтор же “женский род” же “мужской род” болот. “Средний род” деген болбойт. Сөздөрдү, мүмкүн болсо, артиклдери менен кошо эстеп калган оң. Көпчүлүк мүчөлөрдөн улам зат атоочтун кайсы родго тийиштүү экенин билүүгө болот. Бирок дайыма эле андай эмес. Маселен, зат атоочтун аягы e болуп жалганган менен, ал “мужской род” да болуп калышы мүмкүн.

Женский род

- tié l’amitié достук

- erie la boulangerie нан саткан дүкөн

- ence l’essence бензин

- tie la partie партия

Мужской род

 
Тематикага жараша карикатуралар

- age le voyage сапар

- eau le bateau кайык

- ail le travail жумуш

- ment le monument эстелик

Артиклдер – Les Articles түзөтүү

Белгилүү артикль (l’article défini) түзөтүү

Француз тилинде белгилүү артиклдер зат атоочтун кайсы родго жана түргө кирерин айкындап турат: женский род – la, мужской род – le, эки роддун тең көптүк түрү – les. Булар качан белгилүү нерселер жөнүндө айтылып жатканда колдонулат.

le (лө) – мужской род

 
Бонжур де...

le copain ашына, дос

le garçon боз бала

le vélo велосипед


la (ля) – женский род

la copine дос, курбу

le femme аял

la voiture машина

Белгисиз артикль (l’article indéfini) түзөтүү

Белгисиз артиклдер кеп белгисиз (кайсы экени жана кимге тиешелүү экендиги аныкталбаган) нерселер жөнүндө болуп жатканда колдонулат. Алар: une – женский род, un – мужской род жана көптүк түрдө – des. Маселен: C’est une voiture (сэтүн вуатүр) Бул машина. Бул, демек, дегеле машина жөнүндө жалпы түшүнүк, же болбосо кайсы бир машина.

un vélo (ан вэло) бир / велосипед

des vélos (де вэло) велосипеддер


Керектүү сөздөр – Les petites phrases utiles

Рахмат – Merci мерси

Чоң рахмат – Merci beaucoup мерси боку

Эч нерсе эмес – De rien дө риА

Арзыбайт - Il n’y a pas de quoi ильния па дө куа

Ооба – Oui уи

Жок – Non но

“Сапар, сапар” түзөтүү

Журналист, жазуучу Жеӊишбек Эдигеев француздардын Дизайрлес деген ырчысынын “Вояж, вояж” деген ырын кыргыз тилине которгон. Ал “Сапар, сапар” деп аталат. Ал учкан килемдин үстүндө отуруп алып, дүйнөлүк айтылуу мамлекеттердин үстүнөн учуп бараткандагы кыялдар тууралуу ыр. “Вояж, вояж” 1986-1987-жылдары Европанын суперхити болгон. Бул чыгарма Франциянын, Бельгиянын, Германиянын, Испаниянын хит-параддарында биринчи орунду алып турган. Ошол жылдары аталган ыр 5 миллион копия менен жайылган. Кайра куруунун шарапаты менен бул ыр СССРде да популярдуу болгон.

Швейцария жазуучусунун китепке баш сөзү түзөтүү

 
Авторго Француз элчисинен ыраазычылык кат

2011-жылдын жазында менин телефонум чырылдап калды. Эркек кишинин үнү, анын чет өлкөлүк экени французча сүйлөгөн сөздөрүнөн даана билинип турду: “Сиз мени тааныбайсыз, бирок мен сизди билем, менин атым Жеңишбек Эдигеев. Сизди “Репортёры без границ” сайтынан таап, анан Википедиядан толук маалымат алдым. Сиз Казакстан жөнүндө китеп жазыптырсыз, демек, Орто Азияны жакшы билсеңиз керек?” Менин бул жаңы досум Бишкектен келген эле. Бишкек – бул Кыргызстандын борбор шаары. Мен аны үйүмө келип чай ич деп чакырдым. Ал эшиктен кирип босогого бут кийимин чечип калтырды да (европада үйдө бут чечишпейт Ж.Э.) конок үйгө кирди, экөөбүз жанаша олтуруп чай ичип аттык.

Жеңишбек үй-бүлөсү менен бул жакка саясий себептер менен келген болчу. Алардын мекени Орто Азияны бизде – Батышта анча жакшы биле беришпейт. Орто Азия өлкөлөрүнүн ар биринин өз өзгөчөлүктөрү бар; Казакстан менен Түркмөнстан нефтиге бай, Өзбекстан болсо көгүлтүр кооз мунара-мечиттери менен, ал эми Кыргызстанда асман тиреген тоолор. Анын кооздугу, байлыгы да ошол – тоолор!

Жеңишбек менен болгон ошол биринчи жолугушуубуз ортобузга дагы көп жакшы нерселерди алып келди. Саясат дагы биздин аңгемебиздин көп бөлүгүн түзөт. Жеңишбекти Швейцариянын демократиялык системасы дайыма кызыктырып келет. Бул баш сөзүмдө аябагандай сылык, сыпайы, анан да эч качан бир жакка барса куру кол барбаган Жеңишбек тууралуу жазып жатканыма бактылуумун. Жеңишбек өзү үчүн жаңы өлкө – Швейцарияны чын дилинен терең тааныгысы келип турганы мага адбан билинет жана кубандырат. Ал биздин өлкөнүн башкага окшобогон тарыхын окуду, биз сүйлөгөн тилди үйрөндү, мынакей, сиздер колуңуздарга кармап турган бул французча-кыргызча сөздүк анын айкын далили. Ушинтип эки элдин ортосуна эшик ачып турганың үчүн сага ырахмат, Жеңишбек!

Лоренс Деонна, Швейцариялык репортёр, жазуучу жана фотограф

Préface

Permettre à deux cultures différentes de communiquer entre elles, œuvrer au rapprochement des peuples francophones et centrasiatiques, voilà les objectifs premiers de ce manuel de traduction kirghiz-français élaboré sous la direction de M. Edigeev. Cet opuscule, par sa nature pratique et synthétique, permettra de rendre de nombreux services aussi bien aux francophones qui chercheraient à s’initier à cette langue turque âgée de plus d’un millénaire, qu’aux Kirghizs souhaitant se familiariser avec la langue de Molière.

À ce jour, malgré les efforts des chercheurs de l’Université nationale kirghize Joussoupe Balassaguine et les travaux du professeur français Rémy Dor enseignant à l’Institut national des langues et civilisations orientales, l’échange entre ces deux langues est encore particulièrement peu développé. Au niveau touristique, il n’existe aucun ouvrage, à l’exception des dictionnaires, permettant de donner quelques phrases et mots clés nécessaires à la conversation élémentaire. La plupart du temps, c’est par l’intermédiaire du russe ou de l’anglais que s’effectue la communication entre les voyageurs et les habitants du Kirghizstan. Ce manuel, divisé en plusieurs chapitres thématiques agrémentés d’illustrations, cherche à combler une partie de cette lacune, mais peut-être aussi à nous faire partager, en filigrane, l’expérience linguistique de son auteur qui s’emploie, chaque jour depuis maintenant six ans, à mener à bien l’apprentissage et la pratique de la langue française.

Réfugié politique, le journaliste kirghiz Jenishbek Edigeev a dû quitter Bishkek suite à la création de son journal d’opposition De facto dans lequel la liberté d’expression s’établissait comme un des principes majeurs. En 2009, recherché par la police de l’ancien président Kourmanbek Bakiev, il est contraint de se réfugier à Genève, en Suisse romande, où il vit désormais avec sa femme et ses trois filles. S’annonce pour lui une seconde vie au cours de laquelle la langue française fera partie de son quotidien. Après un début difficile et sinueux, il se dédie aux suivis des séminaires de sciences politiques à l’Université de Genève, participe aux cours de langue française, tient des conférences dans les collèges genevois et publie articles et interviews sur la politique de son pays dans plusieurs médias suisses.

Il n’est donc pas surprenant d’apprendre que c’est entre les murs de la Bibliothèque de Genève, autour d’une question de vocabulaire et de syntaxe française, que notre amitié a commencé. Au fil des rencontres, je me suis rapidement rendue compte de mon ignorance totale concernant la culture kirghize et plus largement de la méconnaissance mêlée d’indifférence des citoyens suisses pour ce pays dont le rêve démocratique est pourtant de devenir « La Suisse de l’Asie centrale ». Je ne peux que remercier vivement Jenishbek de m’avoir fait découvrir cette partie du monde nichée entre la Chine, le Tadjikistan et le Kazakhstan, cette région lointaine dont la moitié du territoire est perchée au sommet des montagnes.

Habitant actuellement à Paris, cette magnifique et bruyante capitale parfois étouffante, il m’arrive de me saisir du livre Djamilia, La plus belle histoire d’amour du monde de l’écrivain kirgihz Tchinguiz Aïtmatov et, entre deux pages, ressentir l’atmosphère attirante de cette contrée dont la description avait tant séduit le poète Louis Aragon, « ce pays où poussent les absinthes sauvages, où le vent mêle la senteur des pommes à ces miels chauds du maïs en fleur, comme un lait qu’on vient de traire et au souffle tiède des fumiers séchés. »

Dans cet exercice de traduction toujours un peu risqué, certaines erreurs et omissions seront à déplorer. L’auteur et le correcteur en appellent alors à la bienveillance du lecteur à ce sujet en espérant que ce manuel saura tout de même répondre à son devoir : un outil de dialogue et d’échange, une petite ouverture, une prémisse au long chemin à parcourir lors de l’apprentissage d’une nouvelle langue.


Paris, le 30 septembre 2014

Célia Zuber

Étudie actuellement l’histoire de l’art et la littérature française en Master à l’école des Hautes Etudes en Sciences Sociales (EHESS) de Paris. Elle a obtenu, en 2013, un Bachelor les Lettres à l’Université de Genève (UNIGE).

La citation est tirée de, Tchinghiz Aïtmatov, Djamilia, 1957, roman traduit du kirghiz par A. Dimitrieva et Louis Aragon, préface de Louis Aragon, ed. Denoël, 1996, Paris, p.16


"Le journaliste Zhenishbek Edigeev habite à Genève depuis 2009 avec sa famille."

Борборубуздагы чоң китепканаларда

Француз тилин үйрөнгүңүз келсе, же болбосо француз тилдүү өлкөлөргө сапарга чыга турган болсоңуз, китепти төмөнкү жерлерден таба аласыз:

1) А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана (француз окуу борбору)

2) К.Баялинов атындагы Улуттук балдар китепканасы

3) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Чет тилдер кафедрасы, француз тили бөлүмү

4) Бишкек Гуманитардык университети, Француз тилин окутуу борбору

Шилтемелер түзөтүү

https://www.azattyk.org/a/blog_on_voyage/24324798.html - Эсиӊдеби... “Вояж..., Вояж...”

https://ruhesh.kg/ky/category/show/news/1607/zhenishbek-edigeevdin-saparlash-kirgizcha-frantsuzcha-suyloshmo-sozdugu?fbclid=IwAR0Cfcgg6J2VDSGDoYXWNGDZ9XhJB5cPw14YzDxEtoCnGXzvy6JNK1h58mQ - Жеңишбек Эдигеевдин «Сапарлаш» кыргызча-французча сүйлөшмө сөздүгү