Китеп тууралуу түзөтүү

“Дайралар артка агышпайт”
 
Дайралар артка агышпайт
Өлкөсү Кыргызстан
Тили Кыргызча
Жанры Публицистикалык
Басмакана Турар
Беттери 680

“Дайралар артка агышпайт” эркин журналист, публицист, диссидент жазуучу Жеӊишбек Эдигеевдин атасы Кадырбек Эдигеевге арнаган көлөмдүү китеби. Жалпы эле көзү өтүп кеткен жакындарга арналган эскерүүлөрдө апасы Сакен, эжеси Аймончок, досу Калмурат, дагы башка алыс-жакын туугандары, айылдаштары, аяш аталар жөнүндө да сөздөр болгон. Китепти жазуу идеясы 2016-жылдары мындайча келгенин:

Женевада чоӊ китеп дүкөнгө кирип “жалаӊ ата-энеге арналган бир китеп барбы сиздерде?” десем аябай таӊ калып, “андай китеп жок, жок да болсо керек” деди. Анан ичимден ойлодум, анда ошондой китепти мен жазайын деп. Жалаӊ ата-эне айтылган китеп болсун деп тилек кылгам. Бир эле меники эмес, бардык ата-эне тууралуу. Сөзсүз эле биздики бир өзгөчө болгон үчүн эмес, ар бир ата-эне китепке татыктуу”

 
Кадырбек Эдигеев

Эстелик китепти жазуу ошентип Швейцарияда башталат. Калемгер Европада жашаганына карабай атасы Кадырбек Эдигеев менен бирге чоӊойгон, чогуу окуган, иштешкен, аны тааныган замандаштары менен байланышып материал чогулта баштайт. Бул эмгекти жазууда 10-15 жылга кечигип калганын айткан жазуучу мындай ишти күн өткөрбөй эртерээк баштоо керек болгонун:

“Эртерээк дегеним, заман менен кошо замандаштары, көрүп-билгендер, тааныгандар суюла берет экен. Ошолорду карайлап таппай калат экенсиӊ. Ар бир ай өткөн сайын баланча киши ден соолукта болуп турса экен деп өмүрүн тилеп жүрдүм. Бир чети алыста туруп жазуу шыктандырган эргүү болду. Мисалы, мен азыркы технологиянын жетишкендиктери менен 70% ошол жакта туруп чогулттум”

Калган 30 пайызын автор Кыргызстанга келип Өзгөндү, Тогуз-Торону, Нарынды кыдырып сөз жыйнайт. Анткени Кадырбек Эдигеев ата-энесинин балдары турбаганынан улам ырымдап жер которуп, Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айылында тапкан жалгыз уулу эле. Кийин партиялык кызмат менен Тогуз-Тородо иштейт. Ошентип Нарынды, Ошту, Казарманды кыдырып коӊшу-колоӊдон, ал жактагы туугандардан көрбөй, тааныбай калган атасын сурап билет.

Сөз ээси башта бул китепти өзүнүн чөлкөмүнө эле арнайм, айылдыктарга эскерүү китеп болот деп ойлогон. Бирок аны баштаганда эле бийик, тереӊ карап, жоопкерчилик менен жаза баштайт. Уккан, чогулткандарын интернет желеси аркылуу бөлүшүп жатып окурмандан күтүлбөгөндөй колдоо көрөт. Көп адам өзүн таап, өзүн көргөнүн, тагдырлары, окуялары окшош экенин жаза башташат. Бул автордун дымагын ого бетер курчутат. Ошентип “Дайралар артка агышпайт” чоӊ китепке айланат. Китепте философиялуу ой толгоолор, афоримздер бар.

Китепте Жеӊишбек Эдигеев өспүрүм кезинде атасы менен кыялында жолугушарын төмөнкүчө эстейт: “Менин жашоомдун ичинде дагы башка экинчи жашоом болду. Ал – атаны элестетүү... Дал чоң көчөнүн жол боюндагы азыркы “Ак-Сай” дүкөнү илгери колхоздун конторасы болгонун билчүмүн. Анын түндүк тарабындагы башында атамдын олтурган жери болуп, а баягы киши өлтүргүч дал тетиги чоң терезеден мылтыгын сунуп туруп эле атып салганын укчумун. Өтүп баратып ошол терезедеги ошол көрүнүштү элестетчүмүн. Канча ирет ошол мылтык сунган кишинин артына барып жармаштым. Канча ирет аны жерге көтөрүп уруп, мылтыгын ташка урдум. А канча ирет ошол терезенин артында олтурган атамды тосуп, калкалап өзүм жараландым. Канча ирет... Канча ирет... Сен өлбөй, мен өлүп көрдүм! Канча ирет сени сактап калып, мен мактанып тигини милийсага салып берип, сен экөөбүз каткырып күлүп, ошол контордун эле жанындагы биз жашаган үйгө чогуу кирип кеттик... Канча ирет сенин жаныңда, Атанын жанында басып көрдүм... ыя?!”

 
Ырдын тексти


           Кадырбек Эдигеев чыгармачыл инсан болгон. Анын сөзүн да, обонун да өзү жараткан “Кош-Дөбөм” (Экинчи аталышы “Менин айылым”) деп аталган ыры бар. Өзүнүн аткаруусунда жазылып калганы китепте кездешет.

“Мен атамды көрбөсөм да үнүн уккам. Каалоо айтканын, өзүнүн ырдаганын уккам. Үйдө катылган эски ленталуу кассеталарда ошондой үн жазуулар бар эле. Ал жазуулар, менимче, 60-жылдын аяк жагында жаздырылган…”


Журналистикадан жазуучулукка түзөтүү

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин бүтүрүп, «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеп, «Де-факто» гезитин негиздеген журналист Жеӊишбек Эдигеев 2008-жылы бакиевдик бийликтин куугунтугунан улам Швейцарияга кеткенден кийин да Кыргызстандагы коомдук-саясий турмушу жөнүндө «Азаттыкка», социалдык тармактагы баракчасына пикирин жазып келет.

Журналистикадан жазуучулукка өтүп жатканын:

«Чыӊгыз агабыздын каарманы Ильяз эске түшөт. Долонго баратып машинасынан ашыкча күчтү сезип, анан бул машинага дагы прицеп чиркесем болот экен деп чечет эмеспи. Ошол сыяктуу мен журналистикадан сырткары дагы бир башка күчтү, мени тынч койгобогон нерсени сезер элем. Ошол жазуучулукка ыктоо окшойт».

Жазуучу Жеӊишбек Эдигеевдин 2022-жылы “Көк дептер” деген китеби жарык көргөн. Ага чейин 2015-жылы “Сапарлаш” аттуу кыргызча-французча сүйлөшмө сөздүктү жана Кыргызча-французча тематикалык сөздүктү чыгарган.

Китептен үзүндү түзөтүү

Жетинчи атаң ким? Тооке

Атам – Кадырбек, Кадырбектин атасы – Эдиге, Эдигенин атасы – Ысмайыл, Ысмайылдын атасы – Жоруп, Жоруптун атасы – Темир, Темирдин атасы – Шамурат, Шамураттын атасы – Темирдин, Темирдиндин атасы – Тооке. Менин кубаарым, жетем же тегим мына ушулар. Менин ата-тегим ушулар. Муну айылдаш агам Бейшеев Өмүрназардын колунан алгам. Ал агам атасынын колунан алган. Атасы аталаш бир туугандарынын оозунан жыйнаган. Алар алардын ата, тууганынын айтканынан тыңдап калган. Ошентип отуруп бизге жетти. Биз эми муну баракта эле эмес, беш түрлүү ыкма менен кийинкилерге сактап беребиз...

Мен Европада жашагандыктан бир нече ирет ар кандай кырдаалда эл алдына жети атамды тизмектеп бердим. Көпчүлүгү таң калып, суктанып, ашкере кызыкчылык артышканы менен айрымдары, тескерисинче, “анын эмнеси бар, эмне экен?!” деп кол шилтегендери да болду. Ишенбегендер болду. Бирок бул жерде эч кимге кине коё албайсың. Анткени жетесиз, тексиз аталбоо ар бир элдин эле маданиятына башкы маани катары, максат катары катуу сиңген эмес. “Жети ата” маңызы ар бир эле улутта кыргыздын канындагы иденттүүлүктү тастыктоо катары чоң орунга коюлбайт. Болбосо тарыхын биздикинен алда канча так жана терең иликтеп, кагазга калтырган жагынан биз дайым эле көкүрөк кага бере албайбыз. Айтор, мен чоң атама жана алардын куйма кулак бир туугандарына, алардан алып калган агам Өмүрназарга миң мертебе ыраазымын.

* * *

Биз эмне үчүн Жеңишгүл, Жеңишбек болдук?

Атам Ак-Талаа районунун “Жеңиш” колхозунун председатели болуп 1966-жылдын июль айынан баштап өмүрүнүн акыркы күнүнө: 1973-жылдын 30-сентябрына чейин иштеди. Улуу эжем Мончоктон башкабыз баарыбыз ошол айылда төрөлдүк. Элге кызмат кылууну ичкен ашынан жогору койгон, Мекен, Партия деген улуу түшүнүктөрдү туу байлаган ата-эне, замандын алдыңкы жоокерлери болушкан алар. Ошол берилүү менен, жылдан-жылга жогорку көрсөткүчтөргө жетишип келаткан “Жеңиш” колхозунда дагы көп жеңиш, жакшылыктар болсун деп эжем төрөлсө Жеңишгүл, мен төрөлсөм Жеңишбек болуп жатып калганыбыз ошондон.

* * *

...1973-жылдын 30-сентябры. Партиянын Ак-Талаа райондук комитетинин “Жеңиш” колхозунун председатели Эдигеев Кадырбек өзүнүн иш бөлмөсүндө, кызмат үстүндө олтурганда чарбанын айдоочусу Рыскулов Токтонаалы убакыт 18:00 чамасында кош ооз мылтыгын көтөрүп келип контордун терезесинен колхоздун председателине карай ок чыгарат. Ал жерде чарбада иштеген дагы төрт киши болгон. Алар качып кетишет. Аягында сыртка чыккан председателди куралчан неме экинчи жолу атат дагы машинесин айдап айылдын четин көздөй качат. Кансырап жаткан колхоздун председателин өзүнүн кызматтык УАЗына салышып, айылдын ооруканасына алып баргандын ордуна айылдан 40 чакырым алыстыктагы райборборго алып жөнөшөт. Жолдон алсырап суу сураса булактан токтоп суу беришет. Ошондон бир нече убакыт өтпөй, жетинчи жыл колхозду башкарып жаткан жетекчи ооруканага жетпей жан берет.

Ооба, ал менин атам Эдигеев Кадырбек болчу. Ал каргашалуу сааттарда мен эки жашта экенмин. Мылтык атылган жерден жүз кадам аралыктагы үйдүн короосунда ойноп жүргөн экемин. Бул өмүрдө же айды же күндү көрбөй калган сыяктуу ошол бойдон Ата дегенди тааныбай өттүм. Ал эми киши өлтүргүч Т. Рыскулов ошол бойдон түз айылдын четине барып асынып өлүп алган экен...

Жабырлануучу да жок, күнөөкөр да жок, ошону менен иш жабык калган. Бирок атамдын айылдаштары (1-Май колхозу) жана урук-туугандарынын бул жөн өлүм болбогонун, колхоздун башка айрым жетекчилеринин уюштурган кутуму болгону туурасында Кыргыз ССРинин жана СССРдин Ички иштер министрлигине, “Правда” гезитине жазган доо-арыздары жана алардан келген жооптор жөнүндөгү документ кагаздарды эмдигиче сактап жүрөм.

* * *

 
Ж.Эдигеев апасы жана бир туугандары менен

1973-жыл. Атам каза болуп, бар ырымы жасалып, элдин бир сыйра көк сууну сууп, жылдыгы өтүп, атасыз экинчи жыл башталат. Беш бала менен калган апам ошондо болгону 31де. Кичүүсү бир жарым жаш. Аңгыча үйдөгү чоң карааныбыз – чоң апабыз ооруп каза болот. Айылга салынып жаткан там бүтө элек. Колхоздун үйүндөбүз. Атам менен апам сыртта иштеп жүрүшүп айылыбызга эч качан жашашкан эмес. Апам элдин бирин билсе, бирин билбейт. Беш баланы кантиш керек?! Ошону менен бир күнү апам баарыбызды жетелеп Көлгө, Сарууга, өскөн үйүнө келет. Бирар күндөр өтөт. Апам “эми Кош-Дөбөгө барып жашай албайм го...” деген ойго келет. Күндөрдүн бир күнү атамдын агасы Эдигеев Ыдырыс кой менен кымызын артынып Сарууга бизди издеп барат...

* * *

Менин аяш аталарым

Бала кезде биз күткөн өзгөчө бир конок бар эле, алар: ара-чоло алыстан келчү аяш аталарым болчу. Бири секретарь, бири облуста бир чоң, дагы бири кадырлуу адам... Аяш ата, аяш энелерим мага ушунчалык зор, анан сүрдүү болуп көрүнүшчү. Алар бизге жакшы кийим же колубузга акча карматар эле. Мен эптеп эле алардын “сурагынан” кутулуп, өзүм сүйгөн кашатты көздөй ээн чуркап кетсем дечүмүн. Барып алып “жана алар эмнеге ыйлашты, эмнеге апам мынча көзү кызарганча жашып капаланып отурду?” деп өзүмчө буулукчумун. “Мамам ыйлабасынчы, мамамы ыйлатпачы...” деп адатымча тээ Ак-Теке, Бычандын тоолорун карачумун.

Мен алардын орусчаны шумдук сүйлөгөн өзүм теңдүү балдар, кыздарынан аябай сүрдөөр элем... “Чогуу ойногула” десе чөнтөгүмдө дултуйган чүкөлөрүмдү же рогаткамды бир жерге катканча шашчумун. Иним экөөбүз дайыма тизеси чулчуюп чыккан көк трико шымдарды киер элек. “Жана эле берки шымымды кие калайын десе!” деп апама же улуу эжелериме ичимен наалып алчумун.

Иним экөөбүздүн адаттан тыш кылыктарыбыз бар эле. Экөөбүз эки чакага суу куюп алып “аяш атамдар келип калса уят” деп эски эки тиш жууган щётканы алып үйдүн сырткы фундаментин жууп кирчүбүз. Улам сууга малып улам шыртылдатып жууп олтуруп үйдү тегерете айланып жууп чыгар элек. Цемент суу болуп турганда таза көрүнүп күнгө кургаар менен кайра эле бозоруп жатып калчу. Кээде апам түтпөй кетип “болду, таза болуп калды, үйгө киргиле” деп чакадагы кир сууларды шарп эткенче төгүп калчу. “Щётка” идеясын кимибиз тапсак да биздин бала кездеги Аяш аталар деген таптаза, улуу дүйнөбүз үчүн болчу экен...

* * *

Толкундар кайдан келет?..

Күндөлүк менен өзүңдү өзүң ачасың, анан аны менен сени ачышат... Жазмакерликтин бир бактысы ушунда. Жазуу менен турмуш улайсың, жазуу менен качандыр өзүңө эстелик тургузасың. Калемдин жолу ушундай. Мен атамдын эки дептер күндөлүгүн жоготуп жибердим. “Бекем катсаң оңой аласың” дешчү. Бирок мен бекем ката албай калдым. Өкүтү жаман экен. Жоготконумду экинчи ирет жоготконсудум. Ошол эки дептер менен атама сөз эстелик курсам дечүмүн. Эми сөздү башкадан, элден, ал баскан жерден издеп жүрүм... Күндөлүк.

* * *

Ата айбаты кандай болот?

Бир жолу Урмат экөөбүз айылды, балалыкты сүйлөшүп отурабыз. Ал мага айтты: “Мага байкемдин (атасын байке дээр эле) ушунча болуп бир да жолу колу тийген эмес. Бир гана жолу байкем гезит окуп отурса болбой мен Айзадага тийише бердим эле “тынч дебедимби!” деп туруп колундагы гезитин эки бүктөй калып башыма чаап жиберген. Ушунусун гана билем”, – деген эле. А мен эрксизден өзүмдү ойлогом. “Атам мага кандай мамиле кылмак болду экен?..” дедим таттуу ой менен. Атанын бир өктөм мамилеси мага керек эле дедим. Сөзсүз керек эле...

* * *

Сырың эмес, ырың үчүн, дос! Бейкапар жүргөн кезимде...

Мен билген, мен билбеген Калмурат

Быйыл жайда атаган китепти жазуунун аракети менен Ак-Талаанын Жеңиш айылына баргам. Мындан 43 жыл илгерки ошол окуядан бери бул айылга биринчи ирет бут басып токтошум экен. Бул жаман ниеттен эмес, болгону бала кезимден бери “атаңды ушул жерден, ушул жерликтер өлтүрүп коюшкан!” деген, жүрөк, жүүнүмө сиңген, бүтпөгөн, армандуу жомогумдан улам болчу.

Жаңы барган күнү атам менен жети жыл бирге иштешкен, айылдык катчы Сайкал эженин да үйүнө бардык. Узак сөз айтылып бүтүп калган кезде эже айтты: “Балам, сенден бирдеме сурайын дейм, тиги маркум ырчы Калмурат сенин жакын теңтушуң болгон дешет, ошол чынбы?” деди. – Чын, эже, Калмурат экөөбүз университетте бирге окуганбыз, группалаш элек, ынак элек, – дейм андан ары сөз күтүп. “Кадырбек акени аткан неме ошол Калмураттын атасынын бир тууган агасы болот, ошону билчү белең?” деди. Десе, ордумдан туруп эженин жанына барыпмын, “коюңузчу, эже, эмне дейсиз?! Ошондойбу?! Ошол Калмураттын агасы бекен?!” деп, “ошол чынбы?” деп эженин төркү үйүндө жан дүйнөм камалып отуруп калдым. Рыскулов Токтонаалы. Рыскулов Бекжанаалы! Ээй, дебейсиңби, чын эле Каке Бекжаналиевич эмес беле...

Кызык, былтыр Кыргызстанга барганымда мага жакын, жашы улуу адамдардын бири атам жөнүндө кептин соңунда менден сураган эле: “Досуң Калмурат Рыскулов жанагы акмактын жакындары болбойбу?” – деп. Мен: – Аа, Калмурат жаңы-тилектик да, андай болушу мүмкүн эмес, фамилиялары окшош болсо эле эмне?.. – деп койгом. Көрсө, “сен келесоо ошону билесиңби?!” деген суроо болгон экен да мага... Мен Калмуратты жаңы тааныган жылдары бир жолу капилет ушул суроону ойлонгом, бирок ал бир нече ирмемдик эле убакыт болуп, ошол бойдон эсимден учуп кеткен эле...

Эмне дейин, кургурум Калмурат, муну менен сени айыптап жазып жатат дейсиңби? Жо-ок! Кайдан, досум?! Сенде эмне айып, эй, досум! Болгону эле “ушунча жыл менден ошону кантип жашырып жүрдүң экен?..” деген оор ой келет десең... Кантип ичиңе батырып депчи. Кайра ойлойм да, балким, сен аны билген эместирсиң деп. Бул суроо ошол Жеңиш айылынын тургундары менен турганымда да козголду. Айтышты, “кантип билбейт, эй, –дешти, – Калмураттын атасы Бекжанаалы ошол 1973-жылдары Ак-Кыя айылында участкалык милиционер болуп турган. Ошол окуядан кийин аны ошо замат кызматынан алып салган. А кезде бир тууганың кылмышкер болсо органда иштебей кал...” Анан Калмураттын атасы жумушунан алынган соң шоопурлук кесипке өтүптүр. Анан бир күнү автокырсыкка кабылып каза болгон экен. Ошо менен атасыз калган үй-бүлө – Калмураттын апасынын төркүнү Жаңы-Тилекке барып туруп калышкан экен...

Ээй, Какем ай, окуяң ушундай беле? Экөөбүздүн окуябыз ушундай беле?! Сени менен тагдырым ба-аягы биринчи курстун сельхозкасынан байланган экен десем, көрсө, эки жашымда башыма түшкөн каргашадан эле байланганын кантейин эми...

* * *

Эне. Тоолор жана Калмурат

Маркум, обончу досум Калмурат Рыскуловдун эжесине телефон бурадым. Бактыгүлгө. Калмураттан улам жакшы таанычумун. Көп көрүшкөнбүз. Адамдарды жакшы түшүнө билген, эстүү адам. Мен чала албай атып, жөн эле койсомбу деп атып, же кийин чалсамбы деп атып, айтор, акыры чалдым. Мен бул жолу Калмурат жөнүндө эмес, Атам туурасында уккум келип чалдым. Бир жыл болуп баратат, капыстан бир адам: “Калмураттын атасы атаңды өлтүргөндүн бир тууганы...” дегенине. Бактыгүл эстүү жан. Ал да сезди. Мен бир нерсе сурап чалганымды туйду, телефондун артынан, аркы учунан.

Бирок ал мени менен илгертен бери эле жолуккан сайын, сүйлөшкөн сайын “аярлап, абайлап” сүйлөшчү экен да. Көрсө, ал бала кезинен эле баарын билчү экен. Бала кезимден мен кайгырган окуяларга ал да түйшөлүп чоңойгон экен. Ошентип өсүшкөн экен, Калмураттар... Бактыгүл: “Апамдын жок экенин карачы, болбосо баарын айтып бермек, апам айтчу: – Кайын агам андай ишке бармак эмес, аны башкарманын жанындагы айрым адамдар атайылап тукурган, – деп айтчу. Бир кишилердин аттарын айтар эле, унутуп жатпаймынбы...

...“Мен бир нерсени айтып коёюнчу, Жеңишбек!” деди Бактыгүл аягында. “Мен сенин алдыңда күнөөлүү болгонсуп олтурам. Керек болсо, биздин тукум үчүн кечирим сурайм. Бирок кийинки муундар, биз эч нерсеге күнөөлүү эмеспиз. Колу менен жасагандар аркы дүйнөдө жооп берип жатышкандыр”, – деди. Дирилдеп, бириндеп көңүл, чын, таптаза жүрөгүм менен Бактыгүлгө чын ыклас, ниетимди айттым. “Мен дагы сага чаламын, барганда жолугамын, ансыз да тоскоолу, кири, азабы көп турмуштун жолун тазалаймын, жүрөктүн жолун тазалаймын, көңүлдү агартып, келечекке жаман ой калтырбаймын, сага мурдагыдай тууган болом” дедим. Жок дегенде кургур булбул Калмурат үчүн!

* * *

Токтосун аке

Болжолу 2000-жылдар. Бишкектин эски базарынын жанындагы мал базарга барып калдым. Ал жерге барсаң кош-дөбөлүктөрдү таппай койбойсуң. Ал жерде иштегендер да көп, айылдан мал жүктөп келгени андан көп. Айтор, ал жер шаардын туугандашканга жайлуу жери. Айылдаш бир топ улуу агалар болуп олтуруп калдык. Кеп кызып калган маалда арасындагы агаларымдын бири Канимет мага күтүүсүз бир сөз айтты. “Эй, Жеңишбай, – деди, – Мен сага бир нерсени айтып коёюнчу. Ыраматылык Токтосун акени билесиң да, кезинде ошол киши Кадырбек акеге болгон күйүтү үчүн, Кадырбек акенин намысын коргойм деген үчүн алты жыл түрмөгө кеткен. Сен билесиң да муну?” деди. “Билем” дедим. 80-жылдары Токтосун аке кыштактан тоосун көздөй кызуу болуп алып ат менен баратса алдынан жеңиштик эки уйчу чыгат. Ал уйчуларды сыртынан тааныган Токтосун аке өңүрүндөгү мылтыкты сууруп чыгып: “Кана, жеңиштик канкорлор, силер Кадырбекти кандай атсаңар мен да азыр силерди ошондой атып жайлайм!” – дейт. Тигил экөө кызуу кишини сөзгө алаксытып алдап келип аттан сүйрөп түшүп колун байлап милицияга берип салат. “Атам деп мылтыгын сунган” деп ошо менен Токтосун аке 6 жылга соттолуп кетет. Ошо менен түрмөдө мөөнөтүн алты жыл толук өтөп келген экен курган киши.

* * *

Советтик доордун жашынган каргашалары: Уркуя Салиева, Султан Ибраимов жана Кадырбек Эдигеев

Мен Советтик доорду жаңыдан курууга өзгөчө жана эбегейсиз күчүн кошкон, аялдан чыккан алгачкы башкарма Уркуя Салиеванын, Султан Ибраимовдун жана атам Эдигеев Кадырбектин өлүмдөрүн советтик доордогу орун алган мыкаачылык, митайымдык жана таш боордук көрүнүш катары бирдей орунга коём. Советтик бийлик бүткүл жарандарынын укугун, коопсуздугун жана бакубатчылыгын бирдей жана бекем асырап, коргоону эң башкы вазийпасы катары коюп аны менен бүткүл дүйнөгө салтанаттап мактанган жана аны көбүнесе актап турмуш жүзүнө ашыра алган. Бирок мындай митайымдык жана таш боордук капсалаң 70 жыл аралыгында аталган эки улуу инсанга жана атама кабылган. Бул, балким, алардын бактысына жазылган бактысыздыктыр, бирок, эң башкысы, үчөө тең советтик өлкөнүн келечеги үчүн жан дилин төшөп, берилип иштеген жана мекендин жүгү деп кызмат өтөп аткан маалда кандуу ок жана кандуу бычак уусунан каза болушкан. Адамдагы ичи тардык жана көрө албастыктар адам доору башталганы жашап келет жана да кала берет. Ошондуктан ал сапаттар күчтүү доорбу, байыркы доор болобу, өкүм сүрүп, орун алып келген. Ал тургай эгерде Лениндин коммунизми ишке ашкан болгондо да адамдардагы көрө албастык жашай бермек. Ал бир жеринен болбосо бир жеринен тешип чыгып турмак. Анткени адам өзү ошондой жаралган. Атамды өлтүргөн Рыскулов да, Султан Ибраимовду өлтүргөн Смагин да асынып

Социалдык тармактарда жазылган пикирлер түзөтүү

Абдыкерим Муратов:

– Бул китеп Жеңишбек мырзанын атасынын сөөгүн жерге жашырып, түбөлүк жайына берердеги элге «атам кандай киши эле?» деп кайрылып, кайра «атаӊ мындай киши эле...» деп айткан жообу сыяктанат. Ата тууралуу эскерүү гана эмес, кара сөздөгү реквием-поэма экен, ата тууралуу кошок-жоктоо экен, ата жана аталар тууралуу мемуар экен. Китеп кыргыз маданий турмушундагы эмиграциялык адабияттын көрүнүктүү чыгармасы катары тарыхка киргени калды. Буйруса.

Дөөлөтбек Берикбаев, коомдук жана мамлекеттик ишмер:

– Китеп улам-улам тартып отурат. Жараткан жерде жашаган жан-жаныбардан жалгыз адамзатына акылды, ойлонууну, ой жүгүртүүнү, ой толгоону берген экен. Жеӊишбек Эдигеев ошол ой толгоону башка өӊүттөн, башка позициядан, башка көз караштан кайра карап чыгыптыр. Адамзаттын ой чабытын адамдыгын арамдыгын, бийиктигин-пастыгын, тазалыгын-ыпластыгын, айкөлдүгүн-тардыгын көргөзүптүр. Бул турмуш. Бул китептин маӊызы ойлонуп иш кылгыла, ойлонуп чечим кабыл алгыла деген тереӊ философия, пикир жатат. Альпы тоолорунун коюнунда жатып дагы кыргыз үчүн кам көрүп жатканы – “Биздин коомчулугубуздагы эӊ чечилбей келген көйгөй – бул көп ойлордун туура эместигинде” деп айтканы. Ой оӊолсо, оӊ жолго түшсө жалпыбыздын жүрөгүбүз тазарат, ниети агарат, аӊ-сезим козголот, эл биригет, мамлекет оӊолот, коом өзгөрөт. Ойдун атасы акыл болот, ой бул акылдын продуктусу. Кыргыз айтат “акыл деген кандан келет, илим айтат акыл деген генден келет” деп. Ушуну ойлоп отуруп тээ алыскы 70-жылдар эсиме түшөт. Мен анда 70-жылдардын башында 20дагы бала элем. Ак-Талаадагы райкомдун аппаратында адис болуп иштейм. Эдигеев Кадырбек ага 30дан жаӊы ашкан жапжаш жигит. Райондогу чоӊ чарбанын жетекчиси. Жыйындарда түндүктөн түшкөндөй сүйлөйт эле. Таамай таап, ташты жара чапкандай айтат эле. Маселени чечкиндүү коюп, талап кылат эле. Сөзү курч, кылган иши көрүнүктүү эле. Ошондон улам элге алынган. Мына-мына, бүгүн-эртеӊ Кадырбек баланча районго биринчи жетекчи болуп кетет деп жаткан мезгилде өмүрү зыян болду. Ошол мезгилде Ак-Талаанын 6 азаматы республиканын ар кайсы жеринде биринчи секретарь болуп жетектеп турган. Алардын ортосу же алды болот эле. Жеӊишбектин жанын койбой түрткүлөп жаткан күч атадан калган акыл мурас.

Айгуль Жумагулова:

– Дайралар артка агышпайт... Жеңиш байке университетте окуп жүргөндө эле өзүнүн жазуу ыкмасы менен айырмаланган, жөргөмүштүн жөтөлгөнүнө чейин билген сезимтал, чыгармачыл адам болчу. Аны билгендер же чоң жазуучу, же мыкты журналист чыгат деп билишчү. Элдин үмүтү текке кеткен жок. Алыста жүрсө да кыргызыма жакшынакай бир чыгармасын тартуу кылды. Группалашымдын бул ийгилигине чын жүрөктөн кубанып биз отурдук! Бар болуңуз, Жеңиш байке!

Эльмира Мадиева:

– Дайралар артка агышпайт... Китептин темасы учурду баала, өткөн кайрылбайт деп, сүйүүдө көңүл калса башынан баштоого болбошун, достукта чыккынчылык болсо кайра чапталбашын, үй-бүлөдө жарака кетсе кайра бүтөлбөшүн, элден ырк кетсе ырыскы келбешин, өлгөн адам кайра тирилбешин жана башка, жана башкаларды эскерткендей... Ичиндеги мазмунду эми окуп баштоого чоло тийди окшойт. Ак-Талаалык агамдан алган китепти барактап сыймыктанып отурам.

* * *

– Сакен эже ошол кезде төрөлгөн ар бир ымыркайдын оорубай чоӊоюшуна чоӊ салым кошкон. Айылдын Умай энеси.

* * *

Бакай Акылбеков

"Дайралар артка агышпайт"

Аталган китепти төмөнкү китепканалардан табасыздар:

* А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана

* К.Баялинов атындагы Улуттук балдар китепкана

* Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы китепканаларда

Афоризмдер түзөтүү

АТА САПТАР

 
Автор китептин бет ачаарында

***

Өмүрүмдө көп мугалимим болду, бирок Ата болгон жок...

***

Жаман ата болбойт, жаман мамиле гана болот.

***

Атасыздык мени көп адаштырды, бирок жолдон чыгарган жок.

***

Мени атам тарбиялаган жок, бирок мен атамдын сапаттары менен тарбияландым.

***

Мен көпчүлүк балдарга караганда Кудайды эрте тааныдым. Анткени эс киргенден бери апам атама куран окутчу. Анан да мен ичимден “Биз үйдөбүз, атам болсо Кудайдын үйүндө” деп билчүмүн.

***

Атам согушту көргөн жок, бирок тынч заманда жанында куралчан душмандын жашаганы согуштагыдан да коркунучтуу болгон деп ойлойм.

***

Атама талант айылдан анан Бычандан бүттү дээр элем. Ошол үчүн мага айыл анан анын тоолору ого бетер ыйык.

***

Мен Атанын колдоосун жөн гана, бир ирет эле татып көргүм келет...

***

Жашооңдо жакшы дос, жакын адамыңдан айрылсаң, балким, алардай качандыр бир кезигип калышы мүмкүн. Бирок ата-энеңден айрылсаң – таппайсың.

***

Менин бу дүйнөдөгү эң жакшы көргөн, сыйкырдуу сөзүм бул: “Сен кимдин баласысың?” – деген сөз болду.

***

Атасыздык мага эркеликти үйрөттү. Анткени апам мени эркелетип өстүрдү.

***

Бир нерсени унутпайлы: биз баарынан мурда Ата менен Энебиз же атанын кызы, уулубуз.

***

Бала кезде бир кызды жакшы көрдүм. Бир күнү капыстан апасынын: "Атасы жок эмени эмне кыласың?!" деген сөзүн угуп калгам...

***

Мен атамды Бычандан издегеним мага жакчу. Бычандан мен анын дүйнөсүн жакшыраак сезе алчумун.

Шилтемелер түзөтүү

https://www.youtube.com/watch?v=7YwD_lqcJvs – Жеңишбек Эдигеев: “Ар бир ата китепке татыктуу” түзөтүү
https://www.youtube.com/watch?v=MPFIXsGq708 – Жеңишбек Эдигеев: "Дайралар артка агышпайт" түзөтүү
https://www.youtube.com/watch?v=04ckA-wVqgk – Жеңишбек Эдигеев: "Окуганды үйрөнөлү...” түзөтүү

https://nazarnews.org/posts/zhamin-akimaliev-akademik-okumushtuu-atasyn-syilagan-elin-syilaitЖамин Акималиев, академик, окумуштуу: “Атасын сыйлаган – элин сыйлайт”

https://kyrgyzmedia.kg/m-r-bizden-t-p-ketse-el-emgekten-eskersin-a-t/“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”

https://www.turmush.kg/news:326006/?fbclid=IwAR3xhDqhy58W0XGcPoTVwTt-xOkKAmO4kMViQAqzPYVAA9so3VcNWRB9B5I Тарых инсаны: У.Салиевадан кийин атып өлтүрүшкөн ак-талаалык башкарма К.Эдигеевдин баяны түзөтүү