Жеңиш, үңкүрү — Лабиринт тибиндеги ири термокарст үңкүрү. Ноокат р-нун аймагында, Косчан тоосунун түн. капталында, Ноокат кыштагынан 6 км түндүк тарапта жайгашкан. Үңкүрдү 1976-ж. А. Я. Жуканин жана В. В. Филипенко тапкан; 1978-ж. спелеология экспедициясы изилдеген. Карбон мезгилинин акиташ тектеринде пайда болгон. Жалпы уз. 1500 м. Геология жана спелеологиялык изилдөөлөр үчүн мааниси зор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү