Жеңиш парады – Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгенинин урматына 1945-жылдын 24-июнунда Москвада Кызыл аянтта өткөрүлгөн аскер парады. Ага согуштун аягына чейин катышкан аскерлер, Аскер деңиз флотунун, Коргоо эл комиссариатынын, аскер академияларынын жана Москва гарнизонунун бөлүктөрү катышкан. Жеңиш парадын Г. К. Жуков кабыл алып, К. К. Рокоссовский командалык кылган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.