Жийде-Булак целестин кени

Жийде-Булак целестин кени [[Баткен району|Баткен районунда]] , деңиз деңгээлинен 1390–1420 м бийиктикте жайгашкан. 1955–57-ж. Тажикстандын Геология жана жер байлыгын коргоо башкармасы тарабынан изилденген. Целестин кени жогорку бор мезгилинин ала-була катмарына туура келет. Анын ичинде 10–12 целестин кабаты ажыратылган жана бир топ аралыкка чейин байкалган. Бири бирине жакын жайгашкан кабаттардын бөлүгү 3 рудалык тулкуга бириктирилген. Целестин рудасы желвак жана чачындылар түрүндө кезигет. Желвактардагы целестиндин орточо өлчөмү 59,5–96,8%ке чейин, ал эми жанаша жаткан тектердеги өлчөмү 2,8%тен 27,5%ке чейин өзгөрөт. Кенди технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде, целестиндин чачырандыларын кармаган рудалар жеңил ылгана тургандыгы аныкталган. Концентраттагы целестиндин өлчөмү 83,7–91,77%, ал эми целестиндин бөлүнүп алынышы 74%тен 96,2%ке жетет. Целестиндин запасы С1 жана С2 категориялары боюнча 380–400 миң тга жакын. Целестинден стронцийдин тузун алууга жана кант, айнек өнөр жайында пайдаланууга болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү