Жиптик
Жиптик – Баткен районунундагы суу, Кайыңды суусунун негизги куймасы.
Жиптик
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 24 км |
бассейндин аянты | 185 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Баткен облусу |
Район | Баткен району |
Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшөт. Узундугу 24 км, алабынын аянты 185 км2. Алабынын деңиз деңг. орт.бийикт. 3800 м. Ж. суусу Щуровский мөңгүсүнөн башталып, адегенде түндүк-батышты, анан батышты карай агып, Миңтеке суусу менен кошулгандан кийин Киндик деп аталат. Терең кокту аркылуу шар агат. 7 куймасы бар. Суу куралуу облусуна кирет. Жылдык орт. чыгымы Щуровский мөңгүсүнөн 6 км төмөн 1,46 м3/сек, төмөнкү бөлүгүндө 2–3 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнү жайыт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|