Жиптик өрөөнүАк-Буура суусунун алабынан орун алган кооз өрөөн. Алай кырка тоосунун тармактарынын аралыгында меридиан багытына жакын жайгашкан. Узундугу 40 кмдей, туурасы 5 кмге чейин. Орточо бийиктиги 2800 м, эң бийик жери 3900 м, жапыз жери 2100 м (Кожокелең). Өрөөндүн капталдары тик, аскалуу келип, негизинен палеозойдун акиташ теги, төмөнкү бөлүгү бор менен палеогендин кызыл түстүү конгломератынан, неогендин кум-чополуу тектеринен турат. Ой-Тал, Мазар жана башка каптал өрөөндөрдө бул тектердин калыңдыгы 100–150 мге жетип, тар каньондорду (шаңшаарларды) пайда кылат. Өрөөндүн жогорку бөлүгү корумдар, байыркы мореналар, суу чөгүндүлөрү менен капталган. Кышы суук, жайы мелүүн. Январдын орточо температурасы – 8–10°С, июлдуку 15–16°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Негизги суулары: Жиптик, Кайыңды. Өрөөн түштүк-чыгыштан түндүк-батышка жантайыңкы болгондуктан, суулары шар агат. Бөгөттөр, шаркыратмалар көп. Негизинен арча токою, шалбаа басымдуу; түзөң бөлүгү маданий ландшафт. Өрөөндө Кожокелең кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1