Жиу-жицуөзүн коргоо жана куралсыз кол салуу боюнча япон системасы. Анын ыкмаларынын негизи адамдын денесинин коргоосуз калган бөлүктөрүнө (күрөө тамыр, боор, көкүрөк жана башка) сокку уруу. Жиу-жицунун негизги ыкмалары каршылашынын дем алуу жолдорун бууп, колдун жана буттун муундарын бурап бүгүп, түрдүү ыкмалар менен көтөрүп чабуу жана тушоо болуп саналат. Жиу-жицу куралсыз коргонуунун элдик ыкмалары катары Японияда байыртадан эле белгилүү. 13–14-кылымда түптөлүп, 14–19-кылымда самурайлардын физикалык жана согуштук даярдыгынын системасы катары Японияда кеңири кулач жайган. 19-кылымдын аягында Жиу-жицунун мыкты мектептерин тандоонун жана ыкмаларына жаңылоо киргизүүнүн негизинде япондордун жудо, 20-кылымда карате жана айкидо сыяктуу өз алдынча улуттук спорт түрлөрү пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1