Жозеф Жон Томсон
Жозеф Жон Томсон (англ. Joseph John Thomson; 18 декабрь 1856[1] — 30 август 1940[2]) — англис физиги, физика боюнча 1906-жылдын Нобел сыйлыгынын лауреаты[3].
Эң маанилүү изилдөөлөрү[4]:
- Рентген нурлары менен нурлануучу газ аркылуу төмөнкү чыңалуудагы электр тогунун өтүү кубулушу.
- «Катод нурларын» (электрондук тутамдарын, англ. electron beam) изилдеп, алар корпускулярдуу табиятка ээ экендигин жана субатомдук чоңдуктагы терс заряддуу бөлүкчөлөрдөн тураарын көрсөттү. Бул изилдөөлөр электрондун ачылышына алып келген (1897).
- «Анод нурларын» (иондошкон атом жана молекула агымдарын) изилдөөсү; ал изилдөө неон изотоптору: 20Ne жана 22Ne (1913) мисалында туруктуу изотоптордун ачылуусуна алып келген, ошондой эле масс-спектрометриянын өнүгүшүнө түрткү болгон.
Лондон корол коомунун мүчөсү (1884) жана президенти (1915 — 1920)[5], Париж илим академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү (1919; 1911-жылынан бери корреспондент)[6], Петербург илим академиясынын чет өлкөлүк корреспондент-мүчөсү (1913) жана Орусия илим академиясынын ардактуу мүчөсү (1925)[7].
- ↑ https://www.britannica.com/biography/J-J-Thomson
- ↑ https://www.britannica.com/biography/J-J-Thomson
- ↑ https://www.britannica.com/biography/J-J-Thomson
- ↑ https://royalsocietypublishing.org/doi/10.1098/rsbm.1941.0024
- ↑ https://catalogues.royalsociety.org/CalmView/Record.aspx?src=CalmView.Persons&id=NA8288&pos=1
- ↑ https://www.academie-sciences.fr/fr/Liste-des-membres-depuis-la-creation-de-l-Academie-des-sciences/les-membres-du-passe-dont-le-nom-commence-par-t.html
- ↑ https://www.ras.ru/win/db/show_per.asp?P=.id-52389.ln-ru