Жоламан ШаршенбековКыргызстандык спортчу, грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери[1], Дүйнө чемпиону (2022, 2023) Азия чемпиону (2022, 2024,2024)[2][3][4], Азия оюндарынын (2022) алтын медалчысы, Олимпиада оюндарынын (2020, 2024) катышуучусу. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык даражадагы эмгек сиңирген спортчу.

Жоламан Шаршенбеков
Жеке маалыматы
Жынысы

эркек

Толук аты-жөнү

Жоламан Назарбекович Шаршенбеков

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Грек-рим күрөшү

Клубу

Р. Санатбаев атындагы АБӨСМОР (Бишкек)

Төрөлгөн датасы

29 -сентябрь 1999(1999-09-29) (25 жаш)

Төрөлгөн жери

Бала-Сары, Манас району, Талас облусу, Кыргызстан

Машыктыруучу

Хаким Махмудов

Бою

167 см

Салмагы

60 кг

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери

Zholaman Sharshenbekov

Өмүр баяны

түзөтүү

Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Бала-Сары айылында туулган.Атасы Назарбек Рысалиев (1972) — ишкер, апасы Гүлнара Жуманалиева (1974) — мугалим, Бишкек шаарындагы № 5 гимназияда математикадан сабак берет, Жоламан беш бир туугандын үчүнчүсү[5]. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетин аяктаган[6].

Карьерасы

түзөтүү
  • Кыргызстандын төрт жолку чемпиону;
  • Азия чемпиондугунун алтын медалынын ээси (Индия, 2015);
  • Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси (Тайбэй, 2016);
  • Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси (Грузия, 2017);
  • Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси (2017);
  • Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (Финляндия, 2017);
  • Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (2018)
  • Дүйнө кубогунун ээси (2020)[7].
  • Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (Сербия, 2022, 2023)
  • Азиянын үч жолку чемпиону (2022-2023-2024-ж.ж.).

Жетишкендиктери

түзөтүү
Жылы Мелдештер Өткөрүү жайы Жыйынтыгы Категориясы
2018 Азия чемпиондугу   Бишкек, Кыргызстан 2-орун грек-рим 55 кг
Дүйнө чемпиондугу   Будапешт, Венгрия 2-орун грек-рим 55 кг
2019 Дүйнө чемпиондугу U23   Будапешт, Венгрия 2-орун грек-рим 60 кг
2020 Азия чемпиондугу   Нью-Дели, Индия 2-орун грек-рим 60 кг
2021 Олимпиада оюндары   Токио, Жапония 7-орун грек-рим 60 кг
Дүйнө чемпиондугу   Осло, Норвегия 2-орун грек-рим 60 кг
2022 Азия чемпиондугу   Улан-Баатыр, Моңголстан 1-орун[8] грек-рим 60 кг
Ислам шериктештиги оюндары   Конья, Түркия 1-орун[9] грек-рим 60 кг
Дүйнө чемпиондугу   Белград, Сербия 1-орун[10] грек-рим 60 кг
2023 Дан Колов — Никола Петров турнири   София, Болгария 1-орун [11] грек-рим 60 кг
Азия чемпиондугу   Астана, Казакстан 1-орун грек-рим 60 кг
Дүйнө чемпиондугу   Белград, Сербия 1-орун грек-рим 60 кг
Азия оюндары   Ханчжоу, Кытай 1-орун[12] грек-рим 60 кг
2024 Азия чемпиондугу   Бишкек, Кыргызстан 1-орун грек-рим 60 кг
Олимпиада оюндары   Париж, Франция 3-орун грек-рим 60 кг

Булактар

түзөтүү
  1. Zholaman Sharshenbekov bio, www.iat.uni-leipzig.de. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  2. Kyrgyzstani Greco-Roman wrestler wins silver in Wrestling World Championships in Budapest, akipress.com (27 October 2018). Текшерилген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  3. Четыре медали на старте: как сборная КР хозяйничает на чемпионате Азии по борьбе (ru), 24.kg (28 February 2018). Текшерилген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  4. 2018 Asian Wrestling Championships – Results Book. Текшерилген күнү 8 -август (баш оона) 2020.
  5. Беш бир тууган. Жоломан Шаршенбеков тууралуу фактылар (кырг.). Nazarnews (17 -июль (теке) 2024). Текшерилген күнү 6 -август (баш оона) 2024.
  6. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков тууралуу учкай маалымат (кырг.). Кабар (17 -июль (теке) 2024). Текшерилген күнү 6 -август (баш оона) 2024.
  7. 2020 Individual Wrestling World Cup Results Book. Текшерилген күнү 18 -декабрь (бештин айы) 2020.
  8. Three Greco-Roman gold medals for Iran at Asian Wrestling Championships, InsideTheGames.biz (20 April 2022). Текшерилген күнү 20 Апрель 2022.
  9. 2021 Islamic Solidarity Games Results Book. Текшерилген күнү 20 -август (баш оона) 2022. Түп булактан архивделген күнү 18 -август (баш оона) 2022.
  10. Brennan, Eliott. Olympic medallist Kayaalp returns to champion status at World Wrestling Championships, InsideTheGames.biz (13 September 2022). Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2022.
  11. 2022 Dan Kolov & Nikola Petrov Tournament Results Book. Текшерилген күнү 15 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 13 -март (жалган куран) 2022.
  12. 2022 Asian Games Wrestling Results Book. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2024. Түп булактан архивделген күнү 26 -ноябрь (жетинин айы) 2023.