Жол тазалоочу машина – темир жолдон кир балластарды, шлакты, карды, муз сыныктарын, жолдун ортосундагы жана капталдарындагы ашыкча нерселерди жүктөп тазалагыч. Алгачкы жол тазалоочу машина 1940-жылдын башында ишке киргизилген. Анын рамасына 2 дисктүү жумшарткыч, чогулткуч түзүлүш, чынжыр сузгучтуу элеватор, 2 каптал элеватору, узата жайгашкан жана бурулма тасма транспортёрлор, тиштүү бөлгүч түзүлүштөр бекитилген. Жол тазалоочу машинага материалды жылдыруу үчүн пластиналуу транспортёрлор орнотулган атайын жарым вагондор чиркелет. Жол тазалоочу машина локомотивдин жардамы менен жылат, жумушчу тетиктери машинага орнотулган электр станциясынан кыймылга келет. Өндүрүмдүүлүгү 500 м3/с, жумушчу ылдамдыгы 3–5 км/с, ал эми транспорттук ылдамдыгы 80 км/с.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1