Милль, Жон Стюарт (англ. John Stuart Mill, 1806—1873) — англиялык философ, экономист, коомдук ишмер. Милль Лондондо туулган. Анын атасы Жеймс Милль «Британиялык Индиянын тарыхын» жазган жана уулуна эң сонун билим берген. Он жашында ал грекче жана латынча шар сүйлөп, он бир жашында атасы жазган китепти окуганга жарап калат. 1823—1858-жылдарда Ост-Индия компаниясында кызмат өтөйт. Өзүнүн «Өмүр таржымалында» ал жаш курагын толук сүрөттөп жазат. Жыйырма жаш курагында өтө күчтүү депрессияны башынан өткөрөт, муну ал өзүнүн эмоциясынын начарлашы менен түшүндүрөт». Кийин бир китепти окуп отуруп ыйлайт, ошондо ал өзүндө али да терең эмоциялык сезим бар экенин түшүнүп, көңүлү ордуна келип, оңоло баштайт.

Жон Стюарт Милль.

Миллдин философиялык көз карашы түзөтүү

 
Essays on economics and society, 1967.

Миллдин философиялык көз карашы Карлейлдин, Бентамдын, Конттун таасири астында калыптанат. Ал XIX кылымдагы эң ири англиялык философ деп эсептелет, ал утилитаризмди үгүттөп, өнүктүргөн.

«Утилитаризм» эмгеги түзөтүү

«Утилитаризм» деген эмгегинде Милль мораль теориясындагы пайдалуулук принцибин талдап карайт. Бул принцип такыбаачылыкта жашоонун жол-жобосун үйрөтөт. Пайдалуулук принциби,— дейт Милль,— бактылуу болууга жардам бере турган аракетти туура аракет, ал эми бакытты качыра турган аракетти туура эмес аракет деп эсептейт. Бактылуу болуу зарыл нерсе, муну адамдардын бактылуу болууну чындыгында да каалай тургандыктары далилдеп турат: адамдын ар бир жасаган жакшы иши анын жеке өзүнүн да жана жалпынын да бактысы. Милль этикалык утилитаризмдин бентамдык вариантына каршы айтылган пикирди төгүндөөгө аракеттенет. Бентам ар ким өз керт башынын ыракатына умтулат, ал эми ыракаттануу болсо эң эле изги иш деп эсептеп, ушул оюнун негизинде ал адамдарды өзүмчүл (эгоистчил) деп айыптайт. Биз чынында да ыракатка умтулабыз, дейт Милль,— бирок бул биз өзүмчүлдүк кылып жатабыз дегендик эмес, анткени көп адамдардын жасаган жорук-жосундарын өзүмчүлдүк деп айтууга дегеле болбойт.

Бентамдын иштери тууралуу түзөтүү

Милль, ошондой эле, Бентамдын бардык ыракатчылыктарды бирдей деп тапкан көз карашын да талдап карап чыгып, бир кыйла жогорку жана бир кыйла жупуну ыракатчылыктар бар деп эсептейт. «Утилитаризмдин» акыркы бабында бакыт дегенибиз эң жогорку моралдык баалуулук деп эсептеген идеяга каршы пикирди да карап чыгат. Каршы айтылган пикир төмөнкү мааниде болгон: бакыт эң жогорку баалуулук боло албайт, анткени биз бакытка караганда адилеттүүлүктү жогору коё турган көп шарт-кырдаалдар бар. Милль буга аргументтердин бүтүндөй бир тобун каршы коюп, адилеттүүлүк адамзат баалуулуктарынын иерархиясында чынында да жогорку баалуулук деп эсептелсе да, бакыт жана ага умтулуу адамдын жүрүм- турумунда үстөмдүк кылуучу принцип болуп кала берерин далилдейт.

«Силлогикалык жана индуктивдик логиканын системасы» чыгармасы түзөтүү

«Силлогикалык жана индуктивдик логиканын системасы» (1843) деген чыгармасында Милль индуктивдик логиканы илимдин жалпы методологиясы катарында карайт. «Системанын...» биринчи китебинде «ырастоонун табияты» деп атаганды изилдейт. Ал жалпы менен жекелик аталыштардын, конкреттүү жана абстрактуу терминдердин, коннотативдик жана коннотативдик эмес терминдердин ортосундагы айырмаларды көрсөтөт. Анын эң башкы ырастоосу төмөнкүдө турат: терминдер жеке нерселерди гана билгизет, ал эми «адамзат» сыяктуу жалпы терминдер бардыгын бирге кошкондо адамзат тукумун түзө турган индивиддерден айырмаланып, маани бербейт. Экинчи китебинде силлогиялык ой жүгүртүүлөр каралат.

Миллди кызыктырган башкы нерсе — индукцияны талдап карап чыгуу болуп саналат. Индукция дегенибиз өткөндөгүлөрдөн келечектеги окуяларга карай эмес, белгилүү билимдерден белгисиз билимдерге өтүүнү билдирет.

Философиялык көз караштары түзөтүү

Өзүнүн философиялык көз караштарында феноменалисттик позитивизмдин позициясында турган. Ал биздин бардык билимдерибиз тажрыйбадан жаралат, ал эми анын предмети — туюмдар деп эсептейт. Конттун таасирин башынан өткөрүп, анын кээ бир көз караштарын бөлүшкөн менен Милль, ошондой болсо да, анын социалдык- саясый көз караштарын кабыл алган эмес, анткени ал Конт руханий жана саясый деспотизм системасын коргойт жана инсандын эркиндигин этибарга албайт деп эсептейт. Ушуга байланыштуу «Эркиндик жөнүндө» деген очерк жазат, мындагы башкы тема — биз башка адамдардын иш-аракетине эгерде ал иш-аракеттер башка бир адамдарга зыян алып келе турган болсо гана кийлигише алабыз деген ой-пикир. Бул очеркте Милль талаш-тартыштардын ачык болушун жана демократиялык индивидуализмди жактап чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү