Жоон-Арык
Жоон-Арык — топоним, эпосто кытай-калмактар башта басып алган ата-журтун бошото баштаган кыргыздар жоону кубалап басып өткөн жерлердин бири (Кол жазмалар фондусу, 576-инв.). Географиялык реалияда Ж.-А. Кочкор өрөөнүнүн түштүгүндө Үкөк жана Баба-Ата тоолорунун ортосундагы капчыгай жана өзөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|