Жоошбекова, Айнагүл Рысбаевна

Айнагүл Рысбаевна Жоошбекова (12.04.1969-ж. Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Большевик айылында туулган) – кыргыздын заманбап этнограф айымы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, КТКнын мүчөсү.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Айнагүл Рысбаевна Жоошбекова 1969-жылдын 12-апрелинде Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Большевик айылында (Жоош айылдык кеңешинин борборунда) туулган. Атасы - Рысбай Жоошбеков, энеси - Үрүкан Маманова.

Айылында Токтогул атындагы орто мектепти 1986-жылы алтын медаль менен аяктаган.

1986-91-жылдары Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде окуган.

1994-98-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Этнография кафедрасында күндүзгү аспирантурада окуган.

1999-жылы этнография жаатында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Илимий жетекчиси - профессор Абылабек Асанканов Асанканович.

Учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых институтунда Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасында доцент болуп эмгектенет.

Сыйлыктары түзөтүү

Актуалдуу этнологиялык изилдөөсү үчүн А. Жоошбекова 2010-жылы июнда этнограф айым Какен Мамбеталиева атындагы сыйлыктын лауреаты болду (бул сыйлык биринчи жолу берилди).

Эмгектери түзөтүү

Кыргыздын тарыхына, этносоциологиясына, рухий мад-тына арналган 50дѳн ашык ил. эмгектин (а. и. 2 монографиянын) автору.

  • Миграционные процессы в среде кыргызов (на материалах этносоциологических исследований юга Кыргызстана) /Ответственный редактор – д-р ист.наук, профессор, член-корр. НАН КР А.А.Асанканов; Рецензенты: д.и.н. Ж.Б.Алымбаев; д.и.н., проф. Ш.Ж.Батырбаева. – Бишкек: 2012. – 214 с. (Рекомендовано к печати Ученым советом КГУ им. И.Арабаева).
  • Какен Мамбеталиева и изучение кыргызского городского населения // Этносоциальные и этнокультурные процессы с древнейших времен до наших дней: Материалы республиканскогоэтнологического семинара, посвящ. 70-летию этнографа Какен Мамбеталиевой. – Бишкек, 2007. – С. 82-102.

Колдонулган адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү