«Боз үй тиктик жасалгасы келишкен,
Жыгачтарын жошо менен сырдаган» (эл ыры).

Бул — көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Жыгаччылыктын боегу. Ал кызгылт, күрөң, же кочкул кызыл түстүү топурак, чопо кейиптенген минерал зат. Чеберлер көбүнчө боз үйдүн уук-керегесин, түндүгүн, босого-таягын, каалгасын, үкөктү, чарпаяны, жүк тактаны, сабаа тактаны, бешикти жана башка жыгач буюмдарынын өңүн ачуу үчүн такай колдонушкан. Жошо жыгачтын касиетин сактап, буюм бара-бара жүзүнө чыгат. Жыгачты жошолоонун өзүнчө жол-жоболору бар. Таштардын боорунан орун алган «жошо» өңдүү топуракты алышат да, аны сууга эритет. Аны абалы чүпүрөккө жугузуп, жыгачка жук сүртөт. Сүртүлгөн жошонун үстүнөн койдун боору, көк боору же жылуу каны менен жылмаласа, ал жыгачка жошону сиңиртет да, колго жукпай, жыгач жалтырап калат. Буюм бара-бара жүзүнө ого бетер чыгып отурат. Андыктан, жошолуу жайга атайын аттанып барып, кат-кат болуп катып жаткан аны казып алат.

Жошо — жошолуу булактарда да болот. Бул минералдык топурактын сырткы каткан бетин казып таштайт да, ички тазасын өзүнчө алат. Аны упуратып, сууга салып, ага эки чыны ун, жарма кошуп, күнү-түнү коюп ачытат. Үй жыгачын кийиз менен муну сүрүп жошолойт. Демек, жыгач буюмдарынын түпкү боегу — жошо.

Элде «жошолоп койгондой» деген сөз бар. Өзүнчө түс берип, жыгач буюмдарынын бара-бара бир жагымдуу өңүн арттыра турган бул минералдык заттын өзүн жармага кошуп ачытып, анан жыгач бетине сүртөт. Андан кийин койдун боорун (көк боору, каны да жарайт) жаап буюмдун өңүн ачат. Ал кийин эчтекеге жукпайт да, буюм түбөлүктүү түскө ээ болот. Муну менен босого-таякка, каалга өңдүү буюмдарга да көркөм оюм түшүрүү жана аны урунуу салттуу көрүнөт. Же мурун үй жыгачтарын түрпүгө копшоп коюп, өзүнчө катмар болуп турган бул топуракты бычак менен чукуп, тоголоктоп баштыкка салып келип, куруттай кургатып алышат. Четинен эзип, койдун боорун кошуп, аябай ийлеп, ошону менен боз үйдүн жыгачтарын сырдайт. Жошонун өзү маламык келет, боор кошуп сырдаганда кара кочкул болот.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)