Жумгал кырка тоосу - Ички Теңир-Тоодо, Жумгал өрөөнүнүн түндүк жагында. Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орточо бийиктиги 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Карамойнок чокусу). Тескей Ала-Тоонун (Үкөк, Карагатты, Кызарт тоолору) батыш уландысы. Ж. к. т. өз ара жарыш жана ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Карамойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү менен бөлүнөт. Батыш бөлүгү түндүк-чыгыштан түштүк-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ойкайың) ажырайт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан жана жогорку протерозойдун калыңдыгы 500– 3000 м болгон филлит, кварцит тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордовиктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки кумдук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат жана башкалар чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген жана төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат. Тоо тизмегиндеги нефелиндүү сиенит массивдери менен алюминий кени байланыштуу (к. Сандык кени). Ж. т. к. чыгыштан батышты карай бийиктейт.

Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ойкайың тоолорунун тескей беттери тик жана кыска, күнгөй жагы жазы жана жантайынкы. Киндик, Карамойнок, Сандык тоолорунуку, тескерисинче, капталдары айдөөш. Тоодон Батыш жана Чыгыш Каракол сууларынын куймалары агып түшөт. Карамойнок, Ойкайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан континенттик; абанын Орточо темп-расы январда –11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Тоо этектеринде айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу талаа (бетеге дүйүм чөптөр), бир аз жерин токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу талаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоокалуу субнивалдык нивалдык-гляциалдык зона жатат. Жайыт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү