Жусупова, Моймол Молдобековна

Моймол Молдобековна Жусупова (1972-ж.т.) – пост-советтик Кыргызстандагы тарыхчы айымдардын бири, тарых илимдеринин кандидаты, Талас Мамлекеттик университетинин кафедра башчысы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Моймол Молдобековна Жусупова 1972-жылы жетинин айынын (ноябрдын) 14үндө Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Талас районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. Атасы - Молдобек Жусупов, энеси - Сурмаш Жусупова.

Моймол ошол эле айылда "Ак-Сай" орто мектебин 1991-жылы аяктаган.

1991-92-жылдары Бишкекте Медициналык академияда лаборант болуп иштеген.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин 1998-жылы аяктаган.

1998-2000-жылдары Талас шаарындагы № 1 жана № 5 орто мектептерде тарых мугалими болуп иштеген.

2000-жылдан тартып Кыргызстандын Талас шаарында Талас мамлекеттик университетинде усулчу (методист) болуп иштеди.

2006-жылы ТаласМУнун гуманитардык факультетинин деканынын орун басары болуп дайындалды.

Учурда (2012-жылдан тартып) Талас мамлекеттик университетинде тарых кафедрасынын башчысы болуп иштейт. Ал окуган дарстардын бири Кыргызстандын тарыхы сабагына байланыштуу.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Моймол Молдобековна Жусупова Кыргызстандын тарыхы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Анын айтылуу кыргыз саясатчысы Төрөкул Айтматовдун өмүрүнө арналган кандидаттык ишине Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүрбеков илимий жетекчилик кылган.

Учурда Моймол Молдобековна Жусупова Кыргызстандын 20-кылымдагы тарыхынын маселелери жаатында доктордук диссертациянын үстүнөн иштөөдө.

Кыргыз, казак, орус жана немис (сөздүк менен) тилдерин билет.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Жусупова, Моймол Молдобековна. Торокул Айтматов - общественный, политический и государственный деятель [Текст]: автореф. дис. ... канд. ист. наук: 07.00.02.; Ин-т Истории и культурного наследия НАН КР, Кырг. нац. ун-т им. Ж. Баласагына. – Бишкек, 2010.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү