Жыгач (аралык өлчөмү)Орто Азия элдеринде колдонулуп келген аралык өлчөмү. Бабурдун жазгандары боюнча бир жыгач 10—11 км аралыкка туура келген. Ал Анжыян менен Оштун ортосу төрт жыгач деп жазган. Бул шаарлардын аралыгы азыр 45 км деп белгиленет. "Манас" эпосунда да аралык өлчөмү маанисинде учурайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4