Бул — камчы өрүмдүн негизги түрү. Буга көбүнчө жыйырма төрт тал көктү тилип, ич ара алмаштырат. Акыйкатта, татаал өрүмдү жүзөгө ашырууда өрүмчүнүн ашкере кылдаттыгы айкындалат. Жылан боор өрүмү биринин кооздугун бири арттырып турат. Эгер татаал өрүмдөрдүн бир талынан эле өрүмү жаңылса, өрүм таптакыр тескери жакка кетет. Демек, үзүлгөн тал улаштырылбайт. Жылан боор өрүмүндө он алты талдан өрсөк көк сегизден экиге бөлүнөт. Анда экиден көктү бирден көк басып отурат. Буга сегиз сай түшөт да, ал өтө кооз көрүнөт. Ич ара салыштырып айтсак суйсал өрүмү, жылаан боор өрүмү сыяктанганы менен айырмасы үч көктү бир басып отурат да, ага алты сай түшөт. Буга 10—12—14 тал кылып тилүүбүз керек. Жылаан боор өрүмүнө 16 тал көк тилсе, сегизден экиге бөлүнөт да, экиден басылат. Эгер он эки тал көк тилинсе, ал талдар алтыдан экиге бөлүнөт. Экиден басылып бир талы — «аркак» болот. Терме өрүм, суйсалма өрүмү, жылан бооруму 12 талдан тартып, 24 талга дейре төп басылат. Жылан боор өрүмү менен терме өрүмүнүн түшкүнү он бир тал менен бекитилет. Түшкүн — тал-тал көктүн камчы өрүмү болуп түшүшү. Айрым өрөөндөрдөгү чеберлер он бир талдан котур өрүмдү жана он алты талдан нокору өрүмдү, сегиз талдан төрт кыр кылып, камчы өрүмүн бергендер да бар. Мыкты өрүмчүлөр 16 тал көк аркылуу бир эле камчыга өрүмдүн беш түрүн: жылан боор өрүмүн, терме өрүмүн, каз таңдай өрүмүн, суйсалма өрүмүн жана жарым суйсалма өрүмүн табышмактанып кете берет.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)