Камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бири. Суйсал өрүмдүн «каз таңдай өрүмү» менен окшоштугу байкалып кетет. Бул да төрт талдан төрт жолу жупташат. Андыктан ага өрүмчүлөр он алты тал көктү тилишет. Эгер «Суйсал өрүмү» 18 тал тилинсе, тогуздан экиге бөлүнөт да, үчтөн басып отуруу зарыл.

Айрым чеберлер «Суйсал өрүмү» үчүн он эки тал көк тилип, мында ар бир талды бирден алып, бир капталына алты көктү үчтөн бөлөт. Анын «түшкүнүнө» жеткенде башка көктөрдү басууну токтотуп, узун эки көктүн эки капталына экиден төрт көктү өткөзө барат. Эми мунун бир капталын «жылан боор» кылып өрүш үчүн чебер үч көктү бир басып, калган бир капталындагы үч көктү бирден алат. Ал эми жалаң «терме өрүм» кылыш үчүн көктү экиге бөлүп, эки капталындагысынын ар бирин бирден басуу керек. Мунун түшкүнүн бекитүүдө бардык көктү бирдей пайдаланат. Өрүмдөр бири-бирине өтүшөт. Алар ар кандай да аталат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)