Өрүм (өрмө) буюмдардынын жердиги. Жүнү жылытылып, челденген чылгый тери жана андан тилинген талдар. Ал — тери буюмдарын көктөйт, бекитет. Камчы көгү жалпысынан «тасма» деп айтат. Көк тилүү — өрүмдү баштоо аракети. Татаал өрүмдөрдүн жердиги көбүнчө кийиктин терисинен болот. Ал камчы өрүмүнө бир өңчөйлүк кылат да, мунун тилинин текши келет да, өрүмү таасын түшөт.

Чеберлер тайлактын, кийиктин, торпок-музоонун жана эчкинин сыйрылган терилерин нымдуу жайга коет, же шар сууга үч күндөй бастырат да, жүнүн бычак менен шыпырат. Тегиз жерге тоборсутуп керип, суу бүркүп жумшартып тилсе, «көктүн талы» делинет. Көк менен кайыштан жасалуучу буюмдарды тигүүнү «көктөө» дейбиз.

Көк камчы өрүмдөй эле «эшик чий» согууда, керегени, бут кийимди көктөөдө да кадимкидей колдонулат. Бодонун терилеринин бир жери калың болот. Бир жери жука көрүнүп, текшилиги бирдей эмес. Илгери өрүмчүлөр даакысы түшкөн арык тайдын терисин камчы өрүмдүн негизги жердиги кылышкан.
Айрымдар көк үчүн жаңы союлган кулундун, жабагынын жана музоонун терилерин алат. Негизги тайдын териси калыңдык кылат. Анын боорунан тилип алса болот.
Көккө керектей турган терини жылуулай бойдон жылуу сууга салуу зарыл. Же терини шар аккан сууга байлоо керек. Ал бир жумага жетпей, колго келбей жыдыйт. Муну түз жерге кергенде тери калдайып, тегиз кургап катат.
Мында көктү тилүүнүн эки ыкмасы бар. Адегенде жөнөкөй эле бычак аркылуу тал-тал тилип алат. Анан аларды сындырыкка салып өткөрүү керек. Мында көк текшиленип, көк талдары сыйда келет. Ошону үчүн анын өрүмү кооз көрүнөт.

Маалыматтын булагы

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)