Жылан чагуу. Демейде жыланды басып алганда чагат. Кара чаар жылан чаккан жердин тегереги кызарып, ачышып ооруйт, канталап шишийт. Жапа чеккен адамдын абалынын оордугу чаккан жерге, жашына, ден соолугуна жараша болот. Чоң адамдарга караганда балдар (өзгөчө 3 жашка чейинки) көбүрөөк жапа чегет. Чекир жыландын, деңиз жыланын жана кээ бир тропик чырылдак Жыландын уусу нерв системасын жабыркатат, булчуңдарды начарлатат, башты айлантып, кустурат, температура көтөрүлөт. Дем алуу борбору иштебей калып, адам өлүмгө дуушар болот. Биринчи жардам берүүдө жабыркаган адамды тынч жаткырып, жарааттагы ууну тезинен соруп (15— 20 мин.) түкүрүп, андан кийин йод, спирт, зелёнка сыйпоо керек. Жылан чаккан жерди кыймылсыз абалда кармап, тезинен ооруканага жеткирүү зарыл. Жылан чаккан адамга ичкилик ичүү, чаккан жерди кесүү, буугуч менен байлоо болбойт, себеби булар оор кабылдоого алып келет. Жыландын чагуусунан коргонуу үчүн кончу узун булгаары же резина бут кийим кийип, токтоочу же түнөй турган жерди жакшылап карап чыгуу керек. Эгер Жылан жолукса ага тийбөө талапка ылайык. Себеби жыланды кармоого, өлтүрүүгө аракет жасагандар көбүнчө чактырып алышат. Жыландын пайдасы көп. Жылан кемирүүчүлөрдү, зыяндуу курт-кумурскаларды кырат. Уусунан кызыл жүгүрүк, невралгия, миозит жана башка ооруларды дарылоочу дары алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8