Жыныстык жетилүүорганизмдеги биологиялык жетилүү, башкача айтканда тукум калтырууга жөндөмдүү мезгил. Жыныстык жетилүү эркек балдарга караганда кыздарда эрте башталат. Акыркы жылдарда бүткүл дүйнөдө балдардын жыныстык эрте жетилүүсү байкалууда. Мисалы, мурда кыздарда жыныстык жетилүү 13—15 жашында башталып, 19—20 жашка чейин созулса, азыр 8—11 жашында башталып, 17 жашка чейин созулат, эркек балдардыкы 10—13 жашынан башталып, 19 жашка чейин созулат. Жыныстык жетилүү башталганда кнши организминде коп өзгөрүүлөр болот. Кан тамырынын басымы көбөйүп же азайып, жүрөктүн лакылдап согуусу, кээде аң-сезимдин өзгөрүүлөрү байкалат. Аялдардын жана эркектердин жыныс гормондору (эстроген, андроген) пайда болуп, жыныс органдары жана анын белгилери өөрчүит. Жыныстык жетилүү экинчилик жыныстык белгилердин пайда. болушу менен байланыштуу. Бул мезгилде колтугуна, сырткы жыныс мүчөсүнө жүн чыгат, кыздарда 11 —15 жашында эмчек бездери чоңоюп, этек кир келет. Жыныс жөнүндө дененин пропорциясынын убактылуу бузулушу байкалат. Буткол узарып, эпсиз кыймылдайт. Эркек балдарда булчуңдар тез өсөт. Ички органдар скелет менен булчуң системасына караганда жай өсүшү мүмкүн. Кан тамырларга караганда жүрөк бат чоңоёт, ошондуктан ал артериялык кан басымдын жогорулашына жана жүрөк ишинин кыйындашына себеп болушу ыктымал. Жыныс жөнүндө баш айлануу, баш оору, чарчоо байкалат, өспүрүмдүн психикасы өзгөрүлөт. Ал эмоциялык жактан туруксуз болуп, туталанат, эпсиз, олдоксон кыймылдайт, кишиге ишенбей сын мамиле жасайт, ата-эненин ыгына көнбөй, кайрымсыз болуп кетишет. Бул мезгилде невроздор жана неврозго окшош абалдар пайда болуп, ачуулуу, ыйлаак болушат (өзгөчө кыздар этек кир келген мезгилинде). Организмдин өөрчүшүнүн бул өзгөчөлүгү ата-эне менен мугалимдерден Жыныстык жетилүү мезгилинде балага туура мамиле жана камкордук кылууну талап кылат. Өспүрүмгө бул өзгөрүүлөрдүн биологиялык маанисин кылдаттык менен түшүндүрүү керек. Бул кезде өспүрүм ата-энеси жана мугалимдер менен достук мамиледе болушу маанилүү. Жыныстык жетилүү мезгилинде өспүрүмдүн туура тамактануусуна, эс алуусуна жана спортко катышуусуна көңүл буруу зарыл.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8