Жээренчи (кырг. Жээренчи) — (2004-жылы чейин Ленин-Жол) Кыргыз Республикасынын Ош облусун Өзгөн районундагы айыл. Жазы айыл округу составына кирет. Деңиз деңгээлинен 1010 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 15 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1930-жылы негизделген.

Жээренчи
Жээренчи
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1930

Мурунку аталышы

Ленин-Жол

Бийиктиктиги

1010

Калкы
Калкынын саны

4 061 [1] (2023)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Калкы түзөтүү

Калкы - 4 061 киши[1]; негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, мончо иштейт. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатыры Ж. Мойдунов туулган.

Булактар түзөтүү