Жүгөрү Назар уулу (болжол менен 1864— 1941) — [[семетейчи]]. Назар манасчынын уулу. Эпостун “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрүн айткан жомокчу болгон. Ал жөнүндө замандашы Беки уулу Жолочу буларды эскерет: “Жүгөрү согуш башталган жылы 77 жаш чамасында өлдү. Жүгөрүнү да Совет мезгилинин алгачкы жылдары тиешелүү мекемелер "Манас" айттырууга чакыртса өзүнүн карылыгын шылтоо кылып барган эмес экен. Ал эпостун “Семетейин” толук айтчу. Сейтектин төрөлүшү, кайра элине келишин да Жүгөрү айтчу. Ошондуктан эл аны семетейчи -жомокчу деше турган” (Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 1-б,).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4