Заманачы акындар. Кыргыздар байыртадан залкар акындарга, комузчуларга, обончуларга жана ойчулдарга бай. Ошондой заманачы акындардын бири ойчул Арстанбек Буйлаш уулу. (1824–1878). Ырчы катары 16 жашында таанылат. Арстанбектин чыгармачылыгында орчундуу теманы заман ырлары – “Тар заманы” түзөт. “Тар замандын” өзүнө таандык обону, күүсү, кайрык кайталоолору бар. Чындыгында, Арстанбектин ыры-заман зары. Жайлуу конуш – жер, суудан ажырап, өз алдынчалыгын жоготуп, орус колонизаторлорунун бийлигинен жабыркап, турган калк турмушун, социалдык ал абалын бир топ реалдуу чагылдырат. Ойчулдун “Тар заманын” өз жашоосунун күзгүсү катарында кабыл алган. “Тар заман” акындын турмуштук коомдук-социалдык көз карашынын жыйындысы. Чыгарманын түзүлүү, калыптануу учуру бир топ узак. Ал чыгармасында заманды “азууларга бар заман, бечарага тар заман” катары мүнөздөгөн. Калыгул Бай уулу (1785–1855) – ойчул, акылман, меселчи, чечен. Сарыбагыш уруусунун манап тукумунан. Калыгул өз чыгармалары м-н ырчылар поэзиясынын тарыхында зор из калтырган. Айрым акындар анын ой, идеяларын улантып, “Калыгулдун сөзү эле” дедиртип эл арасына таратса, 20-к-дын башында да “Акыр замандын” нугунда чыгарма түзгөн-дөр да болгон. Акындын жеке чыгармачылык өнөрканасын ачык мүнөздөй турган өзүнө гана таандык турмуштук, коомдук-социалдык көз карашы, философиялык ой толгоолору, жыйынтык-корутундулары бар. Калыгул-арымы кенен, нускоочу акын. Ошондуктан анын ойлору турмуш тиричилик жагдайдын тегерегинде гана болбостон, коом заман зары, анын келечеги, өлкөнү башкаруу иштерине, адеп-ахлактык, руханий дүйнөсүнө кире турган өзгөрүүлөрү-социалдык курч маселелер болуп саналат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,