Партиянын стратегиялык максаты - мамлекеттик башкаруунун Президенттик –Парламенттик формадагы эффективдүү экономикалык жана социалдык системалуу адилет коомдун негизинде заманбап типтеги мамлекеттик демократиялык мамлекетти куруу.

Замандаш-Современник саясий партиясы

Партия тууралуу кыскача маалымат түзөтүү

«Замандаш» саясый партиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Саясый партиялар тууралуу» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка дагы нормативдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн жарандардын эркин биримдиги болуп саналат.

  • Партия 2007-жылы Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспораларынын «Замандаш» Ассоциациясынын негизинде түзүлгөн.
  • "Замандаш" саясый партиясы 2007-жылдын 19-январында мамлекеттик каттоодон өткөн.
  • 2011-жылдын 14-апрелине карата партия өз түзүмүндө 59дан ашык облустук, шаардык жана аймактык комитеттерге ээ болуп турган.
  • 2010-жылдагы парламенттик шайлоолордон кийин партия партиялык түзүмдү реформалоого багыт алган.
  • Партиянын түзүмүн реформалоо иштерин аткаруу максатында партиянын V жана VI Съезддеринин чечими менен партиянын аталышын «Замандаш-Современник» деп кайра атоо чечими кабыл алынган да, партиянын Уставына өзгөртүүлөр киргизилген.
  • Партия КРнын «КРдагы саясый партиялар жөнүндө» Мыйзамына ылайык 2011-жылдын 16-июнунда Юстиция Министрлигинде кайрадан каттоодон өткөн.
  • Саясий партиянын түзүмү менен партиянын штаты өзгөртүлгөн. Саны 5 адамга чейин жеткен партиянын теңтөрагаларынын институту киргизилген.
  • Республика боюнча бардыгы 24 аймактык бөлүм, 2000 ден ашуун партиянын баштапкы уюмдары түзүлдү.

Партиянын негизги принциптери түзөтүү

  • коомдун консолидацияланышы, улуттар аралык биримдик;
  • коомдогу прогрессивдик тенденцияны колдоо;
  • өз ресурстарын мобилизациялоо;
  • интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр менен маданий баалуулуктарды бириктирүү;
  • алдыга койгон максаттарга удаалаш жакындоо.

Теңтөрагалары түзөтүү

  1. Өмүракунов Эмилбек Сүйүналиевич
  2. Садык Шер-Нияз